“Кырсыктын босогосунда.” Сenterra Gold кеткенден кийин Кумтөрдүн экологиясы жөнүндө адистер айтып беришти

396

Канадалык “Центерра” компаниясынын Кумтөр кениндеги иши аймактагы эбегейсиз экологиялык көйгөйлөргө алып келди. Азыр Кыргызстандын жетекчилиги инвесторлордон келтирилген зыяндын көлөмүн өндүрүү үчүн адилеттүүлүктү калыбына келтирүү ниетинде. Ошондой эле коррупцияга малынган чиновниктерди, атүгүл экологиялык мыйзам бузууларга көз жумган мурдагы президенттерди да жоопко тартуунун аракетинде. Бирок, бийлик кандай гана иш кылбасын, эксперттер аймактагы экологияны толугу менен калыбына келтирүү мүмкүн эместигин айтышат. Reporter.kgнин редакциясы кен чыккан жердеги кырдаал боюнча экологдордун жана активисттердин пикирин билди.
Кумтөр кенинин экологиялык абалы боюнча пикирин билдиргендер:

“Жашоо Дарагы” Адам Өнүгүү Борборунун директору Калия Молдогазиева:

-Инвестордук келишимдер башынан эле Кыргызстан үчүн адилетсиз болгон. Биз экологиялык жактан ири чыгымдарды тартканбыз, ал ортодо кенде казылып алынган алтындын бардыгы Канадага кетти. Бизге салыктык чегерүүлөр жана жергиликтүү калкты социалдык жактан колдоого деген анча-мынча гана бөлүгү калды. Ошол эле учурда, канадалык инвесторлор Кумтөрдү иштетүүдө эң примитивдүү жана жапайы ыкмаларды колдонушкан. Өнүккөн технологиялар бар болсо деле, алтын казуу цианиддердин жардамы менен ачык ыкма менен жүргүзүлгөн. Күн сайын шахтада 17 тоннага жакын жардыруучу зат жардырылат, бул башка мыйзам бузуулар менен катар, аймактын экологиясына дагы терс таасирин тийгизген.
Баарынан да мени ушул калдык сактоочу жайдын рекультивациясы маселеси тынчсыздандырат. Аны ишке ашыруу үчүн атайын эсепте сакталган каражаттар каралган. Болжол менен 47 миллион доллар бар, бирок акча Кыргызстанда эмес, Лондондо сакталган. Азыр ал кайтарып берилген жатат. Бул каражат башка чыгымдарга сарптоого эмес, эң биринчиден, айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүгө жумшалышы керек. Баса, буга чейин ушул сыяктуу демилгелер болгон. Эсимде, мурдагы премьер-министр Абылгазиев рекультивациялоо үчүн сакталган эсптеги акчадан элге пайыз менен акча берүүнү сунуш кылган. Жеке мен мындай идеялар менен таптакыр макул эмесмин, биз ал акчаны кийин таппай калабыз, жөндөн жөн эле ысырап болот.
Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайда чоң көйгөй бар. Иштеп чыгуучулар дамба курушкан, бирок ал жер ачылып, цианид сууга жана дарыяларга сиңип кеткен. Андан кийин дамба бекемделген экен. Азыр бул калдык сактоочу жайда цианиддерге жана оор металлдарга толгон 60 миллион кубометрден ашык таштанды бар. Бул жок кыла албай турган түбөлүккө бизде кала турган мурасыбыз болуп калды.

Анара Султангазиева, Green Energy фондунун башчысы:

-Кумтөрдөгү экологиялык кырдаалды абийирсиз иштеп чыгучулар начарлатып жиберишкен. Алар биздин чиновниктерди сатып алса болорун билип, айлана-чөйрөнү жапайычылык менен жок кылышты. Алар келтирген зыянды калыбына келтирүү өтө узак убакытты талап кылат. Окумуштуулардын айтымында, пайдалуу кендер казылып алынган аймакта экологиялык кырдаалды калыбына келтирүү үчүн 100 жыл талап кылынат. Биздин учурда келтирилген зыянды толугу менен калыбына келтирүү эч качан мүмкүн эмес. Ал жерде эки мөңгүнүн бир топ бөлүгү талкалангандыгы баарыбызга маалым. Алардын кайра пайда болушу жүздөгөн эмес, миңдеген жылдарга созулат. Биздин башкаруучулардын Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого жол берип, өндүрүүгө бергендиги – кылымдын кылмышы. Петров көлүнүн эң таза суусун акысыз пайдаланууга уруксат бергендиги дагы кылмыш. Андан тышкары, алар компанияга Кызыл китепке кирген жаныбарлар жана канаттуулар жашаган 16,5 гектар корголгон жерди беришкен. Кантип ушундай кайдыгерлик менен табиятка кылмыштуу мамиле жасагандарына түшүнбөйм…
Азыр кенде бүткүл аймак үчүн экологиялык катастрофаны жарата турган кырдаал түзүлдү. Ал 5 жыл мурун жок кыла турчу калдык сактоочу жайлар жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок алар жер жерлерди калыбына келтирүүнүн ордуна, канадалыктар таштандыларды ошол жерде сакташкан. Азыр, биздин маалыматыбыз боюнча, калдык сактоочу жайда 60 миллион кубометрге эсептелген жерде 100 миллион кубометрден ашык таштанды бар. А эгер эртең жер титирөө же жер көчкү болуп кетсечи? Анда бизди кандай катастрофа күтүп тургандыгын элестете бериңиз(? Бизге эле эмес, бул биздин коңшуларыбызга – Казакстан менен Өзбекстанга таасирин тийгизет. Алар да зыян чегишет, анткени Нарын-Сырдарыя суусунун биз тараптан барат. Бул -эл аралык жаңжалга, бул-адамдардын оорусуна жана өлүмүнө, бул- табияттын өлүмүнө, биздин ак илбирстин баштап башка жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өлүмүнө алып келүүчү жагдай.

Вячеслав Наумов, “Эко-коопсуздук” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы:

Кумтөрдө кен казып алуу оңой технологиялык иш эмес экендигин түшүнүү керек. Ал жакта адамдар үчүн дагы, техника үчүн дагы кыйын шарттар бар. Бирок кандай болгон күндө дагы, азыр Кыргызстан экология маселесин көтөрүп, коопсуз өндүрүштү орнотууга умтулуп жатканы жакшы көрүнүш. “Центерра” эл аралык арбитраждык сотко кайрылышты. Бирок мындай кырдаалга кабылганына канадалыктар өздөрү күнөөлүү. Жок дегенде, кайра иштетилген суу менен камсыздоо тутумун түзүү керек болчу. Башкача айтканда, колдонулган суу тазаланып, кайра өндүрүшкө кириши керек болчу. Кумтөрдө андай система жок. Колдонулган оор металлдардын жана цианиддердин кошулмалары бар суу корголуп, андан кийин жөн эле Кумтөр дарыясына куюлган ал суу Нарынга дарыясына агып келген.
Мындан тышкары, инвесторлор дагы деле баштапкы планды карманып, жер алдындагы кен казууга өтүшү керек болчу, бирок эмнегедир арзан жолду тандашкан.
Ушундай көйгөйлөр Кумтөрдө эле эмес, бүткүл тармакта бар экендигин айтуу маанилүү. Акыркы жылдары өлкө жетекчилиги толугу менен артка тартып, руданы байытуу тармагын жеке колго өткөрүп берди. Өлкөдө адистер, лабораториялар жок, биз кен чыккан жерлерди чалгындоо иштерин жүргүзбөйбүз. Акыры, мындай мамиле баарына терс натыйжаларды алып келет.

Рита Карасартова, укук коргоочу жана бир катар экологиялык кампаниялардын активдүү катышуучусу:

Мен эколог эмесмин, ошондуктан кенде инвесторлор кандай эрежелерди бузгандыгы жөнүндө так айта албайм, бирок юрист катары өз позициямды билдире алам.
Биз Кумтөр кенин иштетүүнүн укуктук тарабы боюнча көптөгөн материалдарды топтодук, мурунку өлкө башкаруучулар түзгөн келишимдерди кеңири талдап чыктык. Биз жакшы презентация кылганбыз, эгер керек болсо бул маалыматтарды берип, бийлик органдарына жардам берүүгө даярмын. Ал тургай, айрым саясатчылар менен тегерек стол өткөрүү идеясын талкуулагам. Азырынча мен өзүм демилгечи боло албайм, бирок болсо сөзсүз катышам.
Негизи эле бийлик жарандык сектордун аброюна шек келтирүүнү токтотуп, кызматташууга киришишин каалайт элем. Биз жардам берүүгө даярбыз, азыр бардыгыбызга бир нерсе керек: ал дүйнөгө Кыргызстан кандай чоң экологиялык жоготууларга учураганын көрсөтүү. Болбосо, канадалыктар ак ниет салык төлөөчүнү кайсы бир кылмышкер келип, мүлкүн рейдерлик жол менен камакка алгандай бизди терс каарман кылып көрсөтүп койот. Биз буга жол бербешибиз керек, кандай келишимдерди түзгөнүбүздү жана натыйжада кандай экологиялык кесепеттерге дуушар болгонубузду ачык көрсөтүшүбүз керек.

Репортер сайтынан кыргызчаланды