Калия Молдогазиева ,”Жашоо Дарагы” Адам Өнүгүү Борборунун директору: “Казылып алынган алтындын бардыгы Канадага кетти”

385

– Инвестордук келишимдер башынан эле Кыргызстан үчүн адилетсиз болгон. Биз экологиялык жактан ири чыгымдарды тартканбыз, ал ортодо кенде казылып алынган алтындын бардыгы Канадага кетти. Бизге салыктык чегерүүлөр жана жергиликтүү калкты социалдык жактан колдоого деген анча-мынча гана бөлүгү калды. Ошол эле учурда, канадалык инвесторлор Кумтөрдү иштетүүдө эң примитивдүү жана жапайы ыкмаларды колдонушкан. Өнүккөн технологиялар бар болсо деле, алтын казуу цианиддердин жардамы менен ачык ыкма менен жүргүзүлгөн. Күн сайын шахтада 17 тоннага жакын жардыруучу зат жардырылат, бул башка мыйзам бузуулар менен катар, аймактын экологиясына дагы терс таасирин тийгизген.
Баарынан да мени ушул калдык сактоочу жайдын рекультивациясы маселеси тынчсыздандырат. Аны ишке ашыруу үчүн атайын эсепте сакталган каражаттар каралган. Болжол менен 47 миллион доллар бар, бирок акча Кыргызстанда эмес, Лондондо сакталган. Азыр ал кайтарып берилген жатат. Бул каражат башка чыгымдарга сарптоого эмес, эң биринчиден, айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүгө жумшалышы керек. Баса, буга чейин ушул сыяктуу демилгелер болгон. Эсимде, мурдагы премьер-министр Абылгазиев рекультивациялоо үчүн сакталган эсптеги акчадан элге пайыз менен акча берүүнү сунуш кылган. Жеке мен мындай идеялар менен таптакыр макул эмесмин, биз ал акчаны кийин таппай калабыз, жөндөн жөн эле ысырап болот.
Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайда чоң көйгөй бар. Иштеп чыгуучулар дамба курушкан, бирок ал жер ачылып, цианид сууга жана дарыяларга сиңип кеткен. Андан кийин дамба бекемделген экен. Азыр бул калдык сактоочу жайда цианиддерге жана оор металлдарга толгон 60 миллион кубометрден ашык таштанды бар. Бул жок кыла албай турган түбөлүккө бизде кала турган мурасыбыз болуп калды.