“Айдоочу мас болчу”! Бир заматта келинчеги менен балдарынан ажыраган ата кырсыктын чоо-жайын айтып берди

1032

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында жол кырсыктан келин эки кызы менен каза болуп, баласы ооруканага түшкөнү кабарланган.

Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү токтоп турган унааны сүзгөн.

SUPER.KG порталына маркум келиндин жолдошу Кубанычбек Койчуматов окуянын чоо-жайын айтып берди.

“Биз үй-бүлөбүз менен Балыкчыдан Сары-Камышка бара жатканбыз. Ушул эки аймактын ортосунда талаа бар, ошол жакта биздин жерибиз бар, ошол жерге токтогонбуз. Айылдагы жер тилкебизди зым менен тосуп жатып, жетпей калгандан улам талаадагы зымдан ала кетели деп келгенбиз. Балдарым апасы менен унаада калган, мен барып алып келе жатсам, дөңгөлөк аткандай бир үн чыкты. Чыйкылдаган тормоздон үнү угулганда, менин унааман өтүп кетсе экен дегиче болбой, унаамды сүзүп жолдон чыгып кетти.

Барсам 3 балам унаанын ичинде жок экен. Арткы орундукка келинчегим кыпчылып калыптыр, айланып келип жубайымды чыгарайын десем, балдарым эс-учу жок жерде жатыптыр. Ошол жерден ортончу кызымдын каза болуп калганын билдим. Анткени чекеси айрылып, мээси чачырап кетиптир. Келинчегиме биринчи жардам көрсөтөйүн десем, жаак сөөктөрү чыгып кеткен окшойт кычырап үн чыгып, кан агып жатты.

Анан милиция кызматкерлери менен “Тез жардам” кызматы келди. Келинчегимди унаага өзүм салдым, каза болуп калганын дагы билдим.

Биздин унааны сүзгөн Мерседес унаасы кыздыкы экен, бирок эркек айдап бара жаткан. Экөө тең мас абалда болчу. Айдап бара жаткан бала башында өзү деле мас экенин моюнуна алып, 4 бөтөлкө сыра ичкенин айтып жаткан. Кийин кайра көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, кыздан унааны сатып алганын жана соо экендигин айтып жатат. Берки жанындагы кыз баламдын жанына жаткан. Биз сураганда мен эч нерсе билбейм, жүргүнчү болчумун, уктап келе жаткам деген. Дарыгерлердин айтымында, ал дагы мас абалда болгон. Өзүбүзгө эми келип, бүгүн арыз жазганы жатабыз”, – деп билдирди ал.

Келиндин жолдошу жогорудагы Мерседес-Бенц унаасында бара жаткан кыз Бөкөнбаевдеги прокуратурада иштерин кошумчалады. Анын айтымында, кыз Бишкекке дарылануусун улантууга кеткен.

Белгилей кетсек, каза болгон келин 33 жашта болгон.

Булак: super.kg