Тайырбек Сарпашев Кумтөрдөн 13 миллион доллар алып, депутаттардын оозун “майлаган”

494

Саясатта таанымал, улам бир бийликте жакшы кызматтарда отурган Тайырбек Сарпашев Кумтөр боюнча суралууда.
Буга чейин Сарпашев ишкер катары таанымал болсо 2000-2005- жылдары Жогорку кеңешке депутат болгон. Андан кийинки чакырылышта да депутат болуп отуруп, 2006-2007-жылдары вице Жогорку кеңеште вице-спикер да болгон эле. 2007-2-12-жылдары жеке структураларда иштеп, ишкерлик менен шугулданган. 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьерлик кызматка келген.
2014-2015-жылдары Кыргызстанда биринчи вице-премьер-министрлик кызматта иштеген.
2015-2017-жылдары Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген.
Кумтөр боюнча буга чейин бир топ экс-депутат, саясатчылар сурак берип отурушат.
Бизге жеткен маалымат боюнча Тайырбек Сарпашев 2012-жылы “Центерра Голддон” 13 миллион доллар алган экен. Ошол кезде да Кумтөр боюнча атайын комиссия иликтеп, бир топ ызы чуу башталган эле. Кумтөрдөгү экологиянын талкаланышы ошол жылдары эле белгилүү болуп, депутаттык комиссия алтын кен иштеткен жерге барышкан. Цианид жана таштандылардын экологиялык коопсуздугуна тынчсызданышып, бул көйгөйдү Жогорку кеңеште көтөруп чыккан эле.
Ошол чакырылыштагы депутаттар комиссиянын иликтөөсүнөн киийин Кумтөргө чындап эле каршы турушкан. Бирок, эмнегедир башында патриот болуп бакылдап сүйлөп, жаратылышты талкалап, Кыргызстанга пайда алып келбеген алтын кенди айтып отурган депутаттар, кийин добуш бергенде пикирлерин таптакыр тескери жакка өзгөртүшкөн.
Тайырбек Сарпашев вице-премьер министрлик кызматта иштеп жүрүп, Кумтөр менен жең ичинен сүйлөшүп 13 миллион доллар алып, ошол чакырылыштагы депутаттарга таратып берген. Кумтөрдөн пара алган депутаттар аны ачык эле колдоп чыгып, ошол кезде иликтеген комиссиянын чечимине каршы добуш беришкен эле.
Ушундай “кызматы” үчүн Тайырбек Сарпашевдин “Градиент” фирмасы үчүн Кумтөрдүн жетекчилиги алтын кен комбинатына май ташуу боюнча мүмкүнчүлүк түзүп берген.
“Градиент” фирмасы “Кумтөр” менен чогуу иштешип, кыска убакыттын ичинде абдан чоң пайда көргөнү айтылат.
Ал эми “Кумтөрдөн” алган миллиондорго эл өкүлдөрүн сатып алууга ортомчу болгон Сарпашев тез аранын ичинде өтө байыган.
Ошол чакырылыштагы депутаттардын оозу майланып, көзүн май басып, Кумтөрдөгү комиссилык иликтөөнү четке кагып ачык эле колдоо көрсөткөн. Ал эми Кумтөрдүн арам акчаларына макул болбой, ачуу чындыкты трибунада айткандар куугунтукка алынышкан.
Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей Тайырбек Сарпашевдин экологиянын талкаланышына түз тиешеси бар экени эми билинип отурат.
Эми ошол кездеги ЖК депутаттарынын кимдер Кумтөр боюнча иликтеген комиссиянын чечимине каршы чыгып, аларды колдоп добуш бергени жакында ачыкка чыгат.