Шаардык кеңештин шайлоосуна үгүт иштери башталды

129

Бүгүн, 20-июнда кайрадан шайлоо дайындалган үч шаардык кеңештин шайлоосуна үгүт иштери башталды.

Бишкек шаардык кеңешине 17 партия талапкер көрсөткөн.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин, башкача айтканда, бүгүн 20-июнда башталып, 10-июлда аяктайт. Ал эми шайлоо 11-июлга белгиленген.

Бишкек шаарындагы шайлоого төмөнкү партиялар катышат:

«Өнүгүү-Прогресс» — партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев;
«Социал-демократтар» — партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков;
«Замандаш» — партиянын жетекчиси Аскарбек Өмүракунов;
«Келечек-Будущее» — партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев;
«Ата-Журт Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Маткеримов;
«Биздин Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Осмонов;
«Ынтымак» — партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев;
«Жаңы мезгил» — партиянын жетекчиси Казакбай кызы А;
«Биздин Эл» — партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов;
«Туран» — партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан;
«Эмгек» — партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов;
«Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы» — партиянын жетекчиси Артур Медетбеков;
«Жашыл Кыргызстан» партиясы — партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев;
«Күч бирдикте» коомдук-саясий партиясы — партиянын жетекчиси К.Абдивалиев;
«Улуу-Журт» — партиянын жетекчиси М. К. Орозбаев;
«Реформа» — партиянын жетекчиси Клара Сооронкулова;
«Столица» демократиялык партиясы — партиянын жетекчиси Данияр Өмүрзаков.

Ушул жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 25 партия катышкан. Алардын ичинен 7% босого чектен «Эмгек», «Ак Бата», Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясы (КЭДП) , «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары өткөн. Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы КЭДП, «Эмгек» жана «Ак Бата» партияларынын добуштарын жараксыз тапкан.

Maralfm.kg