Асылбек Жээнбеков төрага болуп турганда канадалыктарга мыйзамсыз берилген жер кайтарылган

133

Асылбек Жээнбековдун “Кумтөр” маселесине аралашкан деп айыптоо туура эмес. 2012-жылы Садыр Жапаров баштаган “Кумтөрдүн” ишин иликтеген депутаттык комиссияга Асылбек Жээнбеков эч кандай бут тосуу кылган эмес. Ошол учурда Асылбек Жээнбеков парламенттин төрагасы катары мыйзам чегинде өз ишин аткарган. Буга депутаттык комиссиянын отчёту каралган жыйындын жүрүшү, документтер далил. Бир эле мисал келтирели.
2010-жылдын 25-март күнү ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов Өкмөттүн №168 токтому менен “Кумтөргө” 16330,8 га жерди колдонууга берет. Садыр Жапаров баштаган депутаттык комиссия отчёт бергенде, парламент Данияр Үсөновдун токтому мыйзамсыз экенин белгилеп, Өкмөт 2010-жылы кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу талабын коюп, токтом кабыл алат. Ошол токтомдун негизинде Бабанов 16330,8 га жерди кайра мамлекетке алган токтомду кабыл алган. Эгер Асылбек Жээнбеков чын эле канадалыктар менен сүйлөшүп, алардын кызыкчылыгын коргогон болсо, парламентте ушундай токтомду кабыл алдырмак беле? Кана логика? Тескерисинче, Асылбек Жээнбеков төрага болуп турган учурда канадалыктарга мыйзамсыз берилген жер парламенттин чечкиндүүлүгү менен мамлекетке кайтарылып жатпайбы!