Кыргызстандык «Брюс Ли» Нурмухаммед Ташмаматов Гиннес китебине кирүүгө камынууда

95

Кыргызстандык «Брюс Ли» Нурмухаммед Ташмаматов нунчак менен стол теннисин ойноо боюнча Гиннес китебине кирүүгө камынууда.

Ташмаматов рекорддор китебине катталуу үчүн эки баскычтан өтүп, жыйынтыктоочу бөлүккө жеткен. Учурда ал Бишкекте даярдык көрүүдө.

Эртең, 23-июнда ал «Газпром» спорт комплексинде өз машыгууларынын видеосун тартып, Гиннес рекорддор китебинин калыстарына жөнөтөт.

Уюштуруучулар жалпы элди Нурмухаммед Ташмаматовдун өнөрүнө күбө болуп, колдоп берүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, Нурмухаммед Ташмаматов 2017-жылы Максим Галкиндин «Баарынан мыкты» (Лучше всех) берүүсүнө баргандан кийин таанымал боло баштаган.