Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 928 млн куб метрди түздү

155

Бүгүн, 24-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 928 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 508 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 433 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.