Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына чөгүп кетти делген адам аман-эсен табылды

251

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына 45 жаштагы киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында аталган жаран суунун аркы жээгинен аман-эсен табылган.