36 жарандын сөөгү муздай элек. Жапаровдун Тажикстанга сапары сындалды…

198

Баткен окуясына эки ай. Президент Садыр Жапаров келерки аптада Тажикстанга расмий сапар менен бара турган болду.

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 27-28-июнь күндөрү расмий сапары менен Түркмөнстанда болот. Анда ал Гурбангулы Бердымухамедов менен чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Андан ары 28-29-июнда Тажикстанга барып, Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө. Президенттер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашат.

Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий сапар менен барары алгач Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Андан кийин гана Кыргызстан Президентинин сайты өлкө башчы Түркмөнстанга, андан ары Тажикстанга барарын кабарлады.

Тажиктин огунан өлгөн жарандардын сөөгү муздай элек…

Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда курман болгондордун сөөгү муздай электе Садыр Жапаровдун коңшу өлкөгө бара жатканы коомдо нааразылык жаратпай койгон жок. Анткени мындан эки ай мурун Тажикстандын аскерлери кыргыз айылдарына кол салып, 36 жаран көз жуумп, 200дөйү жаракат алды. 136 турак үй урандыга айланып, социалдык объектилер да талкаланды.

— Кыргызстандын президентинин Тажикстанга барышына зарылчылык жок болчу. Анткени буга чейин Жапаров: «Кыргыз-тажик чек ара маселелери чечилмейинче Душанбеге барбайм», — деп айткан. Азыркы аракети чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө эл аралык имиджибизге чоң сокку болот. биздин 36 жаран каза болгондон кийин, Чоң-Алайдагы провокациялардан кийин, биздин укук коргоочубузду туткунга алганы, ушулардын баарынан кийин эч кандай протест көрсөтпөй, нота бербей, расмий визит менен барганы – биздин позициябыздын начар экенин билдирет, — деди жарандык активист Нурсултан Акылбек.

Баткен окуясынан кийин эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон эки жолу телефондон сүйлөшкөн. Анда Жапаров май айынын экинчи жарымында Тажикстанга барары кабарланган. Бирок коомдогу нааразылыктан кийин Жапаров Баткендеги Маргун айылынын тургундары менен жолугушууда чек ара маселелери чечилмейинче Тажикстанга барбай турганын айткан.

Расмийлер чек ара тууралуу сөз кылбай калды…

Президенттин акыркы кадамы көпчүлүккө түшүнүксүз болууда. Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитовдун пикиринде, азыркы бийликтин узак мөөнөттүү стратегия, планы жок. Чек арада жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери ордунан жыла электе Тажикстанга баруу — туура эмес кадам.

— Садыр Жапаровдун Тажикстанга кайра бара турган болгону мен үчүн түшүнүксүз болуп жатат. Себеби буга чейин «чек ара чечилмейинче барбайм» деп эл алдында айткан.

Экинчиден, азыр Баткенде тажик тараптын кол салуусунда кыйраган үйлөр бүтпөй турат. Президент өзү барып капсула салган объектилер ошол бойдон бир айдан бери турат. Расмий чөйрөдө чек ара тууралуу такыр сөз болбой калды. Буга Баткен эли нааразы болуп жатат. Азыр эл көчөдө жашап атат десек жаңылбайбыз. Өлкө башчынын ушундай кырдаалда Тажикстанга баруу кадамын түшүнбөй турам.

Президенттердин жолугушуусунда чек ара маселеси чечилбейт

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий сапар менен баруусу тышкы мамлекеттердин таасиринен улам аргасыз кадам экенин айткандар да бар. Ошондуктан ал тажик жерине барган чакта да мамлекеттик чек аралардагы көйгөй чечилбейт. Мындай ойду талдоочу Алмаз Тажыбай айтууда.

— Эгер президент Тажикстанга расмий сапар менен барганда эки өлкөнүн чек ара маселеси, тактала элек жерлерди делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси чечилип кетсе, анда жакшы. Дипломатиялык жактан утуш болот. Башкача айтканда, Тажикстан чек ара маселесинде бизге кандайдыр бир жеңилдиктерди берип, кайсы бир маселеде кепке келсе, ошондо барса болмок. Бирок азыр мени оюмча, президенттердин жолугушуусунда чек ара маселеси чечилбейт. Бул узакка созулат. Эмомали Рахмондун көзү тирүүсүндө бул маселе чечилбейт. Садыр Жапаровдун Тажикстанга сапары ийгиликсиз болсо, Кыргызстан Борбор Азияда Тажикстандан кийин, бир тепкич ылдыйда болуп калат.

Жапаровдун Тажикстанга сапары тышкы күчтөрдүн таасирине байланыштуу болушу мүмкүн.

Тажикстан экономикалык блокадага кабылды

21-июнда Кыргызстанга Орусия президентинин администрациясынын жетекчи орун басары Дмитрий Козак келген. Аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алган. Эксперттер бул жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларынын жабык турганы талкууланган болушу мүмкүн деп болжошууда.

Себеби 22-июнда «Талибан» террордук уюмунун согушкерлери Ооганстан менен Тажикстандын түндүк чек арасындагы ондогон районду басып, ооган-тажик чек арасындагы негизги бекет — «Шерхан Бандарды» ээлеп алышкан. Бул бекет аркылуу Тажикстанга Иран, Пакистан, Түштүк Азиядан чоң импорттук товар келип турган. «Талибдер» ал жерди басып алгандан кийин товар агымы токтоду. Ошондуктан Тажикстан азыр экономикалык блокадага кабылды. Түштүк тарабынан Кыргызстан менен чек арасы да жабылган.

Бул жерде Орусиянын кызыкчылыгы бар. Алар Кыргызстан аркылуу Тажикстанга товар өткөрүп турууну көздөйт. Себеби ал жакка товар өтпөй калса, өлкө ичинде көтөрүлүш чыгышы мүмкүн. Тажикстан өзбек тарап менен Өзбекстан аркылуу Орусиядан товар алып турууну сүйлөшкөн. Бирок Орусия буга кызыкдар эмес. Анткени Өзбекстан ЖККУга да, ЕАЭБге да мүчө эмес. Ошондой эле Борбор Азияга лидер болуу үмүтү да бар. Тажикстан Өзбекстанга көз каранды болсо, Өзбекстандын ролу ого бетер күчөйт.

Саясат талдоочу, конфликтолог Азамат Темиркулов жагдайды мындай түшүндүрдү:

— Ошол үчүн Орусияга Кыргызстан аркылуу Тажикстанга товарларды өткөрүү ыңгайлуу. Себеби Кыргызстан Борбор Азияда лидер болуу дымагы да жок. Дмитрий Козак президент Жапаров менен ушул жөнүндө сүйлөшүп кеткен деп ойлойм.

Мен айтып жаткан гипотезаны далилдеп турган нерсе — Козактын келип кетиши менен эле Садыр Жапаровдун Тажикстанда Эмомали Рахмон менен сүйлөшүү жүргүзөрү ачыкталды.

Азыр Тажикстан ар тараптан кыйын абалда турат. Ооганстан менен чектешкен түндүк тарабынан чек арасын «Талибан» кыймылынын жоочулары басып алды. Кыргызстан менен чек арасы жабык турат. Биздин президент ушул жагдайды өзүбүздүн улуттук кызыкчылык үчүн пайдаланышы керек. Себеби биздин өлкө Тажикстандын агрессиялык кол салуусунан жабыркады. Алар биздин тынч турган элге кол салды. Биздин тургундардын үйлөрү талкаланды. Мындайда Тажикстандын президенти тескерисинче, бизге келиши керек эле. «Кечирим сурайбыз, чек араны ачыңыз, тигил жакта акыбал ушундай болуп жатат», — деши керек эле.

«Талибдер» менен болгон согуш Тажикстандын чек арасындагы эле абалды эмес, өлкөнү ичинен да алсыратат. Себеби ошол террордук күчтөрдүн тарапташтары Тажикстандын ичинде да бар.

Кыргызстан 21-майдан тарта Тажикстан менен чек арасын жапкан. Андан кийин эле Тажикстандан Бишкекке учуп келген 177 тажик жараны кайра артка кайтарылган.

Мурдагы мамлекеттик катчы, чек ара маселелери боюнча эксперт Досбол Нур уулу Садыр Жапаровдун Тажикстанга барышы менен чек ара маселелери чечилип кетерине көзү жетпейт. Ошентсе да Кыргызстан Тажикстан менен коңшу болгондуктан мамилени оңдоого биринчи кадам таштаганы да туура болот.

— Негизи биздин президент эмес, тажик президенти келгени туура болмок. Себеби алар тараптан кол салуу болгону анык. Жапаров тажиктер менен мамилени кичине оңдоп, анан барса болмок. Бирок Кыргызстан менен Тажикстан кошуна өлкө. Эки жак тең тирешип туруп алган болбойт. Элдин кызыкчылыгы үчүн ийкемдүү болуп, өзү кадам таштаганы да туура. Анын үстүнө, Баткенде кыргыз-тажик элинин үйлөрү шахмат түрүндө жайгашкан. Баары бир мамилени оңдоо керек. Эки элдин биротоло душман болуп калганы туура эмес. Ошондуктан президенттин кичине жылуулук мамиле менен аракет кылганы туура эле.

Чек ара маселелери эки өлкөнүн президенттеринин гана макулдашуусу менен чечилет. Адистер алмашуу жолу менен чечүүнү сунуштап келишет.

Президенттердин жолугушууларынан майнап чыкпаганын коомчулук 2019-жылы да көргөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон экөө Ак-Сай менен Ворухтун чектешкен аймагынан жолугушкан. Анда чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкууланып, кучакташып сүрөткө түшүшкөн. Бирок андан көп өтпөй эле кайра чатак чыккан.

Maralfm.kg