Толкунбек Абдыгуловдун бети бет эмей эле, батек экен!

524

Мындан эки жыл мурун бир шумдук окуя белгилүү болгон: Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов алган 5,5 миллион cом кредиттин 4 млн. 824 миң сомун ошол эле улуттук банк кечип койгон! Э наалатыныкы, ушундай да абийирсиздик болобу?! Бул мыйзамдуу эле болду, анткени, Толкунбек мырзаны банкка аябай эмгек сиңирген деп жатышпайбы. Атасынын гана башы мыйзамдуу. Дени-карды соолор уккулачы, ой, банкта иштеген адам эле 4 миллиондон ашык сомду “эмгегине” алып алат деген эмне көрүнүш?! Ушу дагы мыйзамбы?! Бул мыйзам эмес, айла да жок! Бул бир.

Акыркы күндөрү Улуттук Банктын төрагасынын чуулгандуу иштери чууруп чыга баштады. Жогорку Кеңеште анын олчойгон айлык маянасы жана күмөн жараткан ишмердүүлүгү катуу сынга алынды. Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын «кɵмүскɵ» кожоюну болуп алганбы, айтор өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип, чалмакейди чалып жатканы ачыкталабы? Азыр да ал жерди ɵзү каалаганча башкарып, түшпөс хан катары мыкчып олтурганы жашыруун эмес. Улуттук банкта азыр дээрлик 95% пайыз кадрлар Абдыгуловдуку. Бирɵɵ да кың дей албайт. Деп кɵрсүнчү! Толкунбек мырза орноткон банктагы «диктатура» азыр да «ийгиликтүү» иштеп жатат. Ошл үчүн бул тармакта алдыга жылуу болбой эле, өзү түзгөн кара схема ийгиликтүү иштеп жатабы? Дүйнөдө финансы жаатында жаңы технологиялар кирип чоң-чоң өзгөрүүлөр орун алып жатканда, Абдыгулов эскиче башкарам деп жулунуп жатканы кандай? Же сол чөнтөккө сологон кара схемасынан айрылып калуудан коркобу? Бул жаатта тиешелүү органдар Абдыгуловдун сары изине саресеп салса болчудай…

Булак:ЧЫНДЫК