Депутат Саматбек Ибраев: «Банк жетекчилигинде «ат алмаштырууга» убакыт келди, эскиси чарчады»

176

Сингапурду абдан көп эскертем – ал Кыргызстан үчүн тажрыйбалардын кени. Ли Куан Юнун айтканынан цитата келтирейин:

«Биздин банктардын ишине жана жөнгө салуу системасына болгон көз карашым 1992-жылдан кийин, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы жана жогорку класстагы америкалык J.P. Morgan банкынын Эл аралык байкоочу кеӊешинин төрагасы Джордж Шульц бул кеӊештин мүчөсү болууга чакырганда өзгөрө баштады… Алардын банк ишинин өнүгүшүндө, өзгөчө маалыматтык технологиялардын жаӊылыктарына жасаган мамилелери жана аларга болгон даярдыгы мага катуу таасир калтырды. Сингапур алардан бир топ артта калган деген тыянакка келдим… Үчтөн ашык он жылдыктын ичинде мен Банк жана финансылык мекемелер департаментинин башкаруучусу Ко Бен Сенди колдоп келгем. Акырындык менен Ко дүйнөлүк финансы системасында жүрүп жаткан ири өзгөрүүлөргө жетишкен эмес деген тыянакка келдим… Мен бул ишке Лунганы тарттым. Ал өзүнүн командасы менен бирге финансылык жөнгө салууга болгон мамилени өзгөрттү, финансы секторунун өкүлдөрүнөн келип түшкөн сунуштар жана пикирлер үчүн кыйла ачык-айкын боло башташты».

Дал ушул убакта финансы технологияларын өнүктүрүүнүн революциялык этабы келип кирди. Бул төлөм системаларына интернетти киргизүү убактысы болду. Технологиялык революциялар убактысы эскилерди кызматтан бошотуу менен аренага жаӊы каармандарды чакырарына көӊүлүӊүздөрдү бурам. Алардын мурда сиӊирген эмгектери абдан чоӊ болсо дагы. Жаӊы адамдар жаӊы технологиялардан качпастан жана коркпостон жөндүү тобокелдиктерге барууну билүүгө тийиш.

Азыр финансы секторун революциялык кайра түзүүнүн экинчи этабы башталды. Финансы рыногунун дүйнөлүк лидерлери тез технологиялык өнүгүүлөр үчүн бардык шарттарды түзбөсө, өз позицияларын жоготорун түшүнүштү. Финтех-революциясы жүрүүдө жана утулгандар жарыштан сүрүлүп чыгууда.

КЫРГЫЗСТАН

“… Дүйнөдө финансы технологияларынын динамикалуу өсүп жатканын эске алуу менен, банк кызматтарынын санариптик инфратүзүмдөрүн өнүктүрүүнү, инновациялык банк операцияларын жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү зарыл”

(КР Президенти С. Жапаровдун Банк кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосунан).

Бардыгы түшүнүктүү болгон сыяктуу. Дүйнөдө финансы чөйрөсүндө революциялык өзгөрүүлөр жүрүүдө. Мындан четте калууга болбойт, айрыкча, Борбордук Азияда уникалдуу абал түзүлдү – региондук финансы лидеринин орду бош. Ал эми борбордун финансы лидеринин статусу ар дайым эбегейсиз материалдык дивиденддерди алып келет. Дал ушул себеп менен ЖК депутаттары финансы технологиялары (финтех) чөйрөсүндө мыйзамдарды иштеп чыгышты.

Мыйзам жөн гана иштелип чыккан жок, ЖМКларда активдүү талкууланууда. Жогорку Кеӊештин сайтына жана бир катар башка жетектөөчү басылмаларда көптөгөн олуттуу жана негиздүү макалалар жазылган жана жарыяланган. Талкууга ондон ашык адам катышты: депутаттар, жетектөөу финансы аналитиктери, анын ичинде докторлук даражасы жана профессордук наамы бар, финтех боюнча эл аралык эксперттер. Улуттук банктын өкүлдөрү гана үндөгөн жок.

Финтех колдонмолорунун көптөгөн чөйрөлөрү талкууланды, бул Кыргызстандын жашоочуларынын жашоо деӊгээлин олуттуу өстүрөрүн ишенимдүү тастыктады: ишенимдүү аманат; жаӊы жогорку технологиялык жумушчу орундар; биздин жарандардын чет өлкөгө «сөз жок» чыгуусуна алып келет; жаӊы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү, бизнес жана бүтүндөй улуттук экономика үчүн өнүгүү түйүндөрүн камсыз кылат.

4-майда «Кыргызстан – Борбордук Азиянын финансылык борбору» аттуу тегерек стол болуп өттү. Катышуучулар бул долбоорду иш жүзүндө толук колдошту. Мыйзам чыгаруу демилгелерине бир катар пункттар боюнча «каршы» позициясын Улуттук банктын башчысы Т. Абдыгулов гана айтты. Реформалардын жактоочуларынын жана алардын каршылаштарынын далилдерин жалпы элдик талкууга алып чыгабыз – Улутуук банктын башчысы.

УЛУТТУК БАНКТЫН МАКСАТТАРЫ

Депутаттар: Улуттук банк үчүн кошумча максат катары жаӊы технологиялардын базасында финансы системасынын өзүн өнүктүрүүнү сунуш кылышты.

Т. Абдыгулов: Улуттук банктын жалгыз милдети улуттук валютаны курсун турукташтыруу болууга тийиш. Финансы системасын өнүктүрүү Улуттук банктын максаты болушу мүмкүн эмес. Бул өкмөттүн милдети, алар муну менен иштөөгө тийиш.

Депутаттар: Улуттук банктын башкы максаты «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында так аныкталган

15-берене. Улуттук банктын ишинин максаты

Улуттук банктын ишинин максаты тийиштүү акча-насыя саясатын жүргүзүү жолу менен баалардын туруктуулугуна жетишүү жана кармап туруу болуп эсептелет.

Эми, КРУБ эмне үчүн милдеттеринин бири финансы секторун өнүктүрүү болушу мүмкүн болгон орган боло албашы керек?

Келгиле, Кыргыз Республикасынын Конституциясына кайрылабыз. Бул жөнүндө ал жакта эмне айтылат?

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы. V ГЛАВА. 106-берене

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумун көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүдө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат».

Конституцияда КРУБ иш-милдеттери тизмектелген жана Улуттук банкка финансы системасын өнүктүрүүгө, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын финансы системасынын жаӊы тармагы катары финтехти өнүктүрүү менен иштөөгө түздөн-түз тыюу салуу формалдуу түрдө жок. Дүйнөлүк укуктук практикада түзүлгөн тыюу салынбаса, анда уруксат берилген деген универсалдуу юридикалык принцип бар.

Кыргызстандын банк системасы өлкөнүн финансы системасынын бөлүгү катары, Кыргызстандын бүткүл экономикасынын «кан айлануу» системасы катары, финансы системасынын бардык финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча башка курамдук бөлүктөрүнүн үстүнөн үстөмдүк кылуучу бөлүгү болуп саналат.

Финтехтин пайда болушу өлкөнүн финансы системасындагы жаңы тармакты түзүү болуп саналат. Финтех бүткүл финансы системасын өнүктүрүүнүн кубаттуу куралы болуп саналат, анын экономикалык өсүшүн шарттайт. Бул Сингапур, АКШ, Улуу Британия сыяктуу алдыңкы өлкөлөрдүн практикасында тастыкталган. Мисалы, Сингапурда финтех-компанияларга өз ишмердигин жүргүзүү укугуна уруксат берилүүчү бардык документтерди Сингапурдун Борбордук банкы берет, Улуу Британияда дагы кырдаал ушундай.

Финтехти өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасын эске алуу менен Кыргызстандын экономикасындагы банк системасынын ролу жана масштабдары, КРУБ коммерциялык банктарына көзөмөлдөө функцияларынын болушу, финансы системасынын жаңы тармагынын пайда болушу, финтехти көзөмөлдөө, жөнгө салуу, аны ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө КРУБ милдеттендирүү зарылдыгына ишендирүүгө болот.

Юридикалык көз караштан, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына тиешелүү толуктоолорду киргизүү керек. Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен эч кандай карама-каршылылыктарды жаратпайт.

Улуттук валютаны турукташтыруу методдору жөнүндө маселеге жооп катары Дастан Бекешев жана Заир Чокоев тарабынан жазылган изилдөө абдан кызыгууну жаратат. Мына алардын макаласынан үзүндү:

«БИЗДИН УЛУТТУК ВАЛЮТАНЫ КАНТИП ТУРУКТАШТЫРУУ КЕРЕК?» (ЖК сайты )

Азырынча бул «эскиче» жасалууда: сом кунун жоготуп баратат – бул жерде Улуттук банк улуттук рынокко доллар менен интервенция жасайт. Бир нече убакытка чейин валютанын тартыштыгы жок болот, сунуштар көбөйөт, ага болгон суроо-талап канааттандырылат. Сом кайрадан «туруштук берип баштайт». Бирок акырындык менен кайра артка кете баштайт. Ал эми бир нече убакыттан кийин баары кайра кайталанат. Ушинтип учу-кыйыры жок улана берет. Мындан кимдир бирөөлөр жакшы акча табары талашсыз. Өзгөчө бул интервенция пландары тууралуу билсе.

Бирок башка дагы чечүү жолу бар – кыйла оригиналдуу жана натыйжалуу. Азыр доллар күчтүү валюта, алсыз сомго ар дайым басым көрсөтүп турат. Эгерде сомду соккудан алып чыгып, долларга каршы кыйла күчтүү аскерди койсокчу? Сөз алтын тууралуу болуп жатат. Доллар менен алтын кармашсын, ал эми сом бүтпөгөн жана жана алсыратуучу интервенциялар менен өзүнүн чек арасын коргобостон жана валюталык резервдерин жоготпостон, «тышта туруп турат» жана бул дөөлөрдүн күрөшүн көзөмөлдөп турат.

Бирок көйгөй кайрадан эле техникалык багытта. Мунун баарын жасоо реалдуубу? Ар дайым финтех жардамга келет. Каалаган активди башка каалаган активге конвертациялоодо кардар микроскопиялык комиссиялар менен күнү-түнү жана көз ирмемде, ал тургай үйүндө диванда отуруп алып жасаса болот».

Башка сөз менен айтканда, эгерде Т. Абдыгуловдун пикиринде Улуттук банкта бир гана максат – улуттук валютаны турукташтыруу болсо, анда аны жоюп салууга болот. Ошондо эбегейсиз акчалар үнөмдөлөт. Эгерде сөз Улуттук банктын максаттарын жанеа милдеттерин кеңейтүү тууралуу болсо, анда бул институттун маңызы өлкө үчүн кыйла олуттуу боло түшөт.

2. КЫРГЫЗСТАН ФИНТЕХ-РЕВОЛЮЦИЯДА УКТАП ЖАТКАН УАТСАЙДЕР, ЖЕ ДҮЙНӨЛҮК БАНК РЫНОГУНУН ЛИДЕРЛЕРИНИН БИРИ?

Т. Абдыгулов: Кыргызстанда жок функция, дүйнөнүн бир дагы өлкөсүнүн банк системасында жок.

Депутаттар: Кыргызстандын жана эл аралык финансы борборлорунун финансы продукттарына салыштырмалуу талдоо жүргүзүү оң.

Жасалма интеллект – финтех-долбоорлордо санариптик платформалардын иштешин автоматташтыруу максатында финансы системаларында активдүү колдонулат. Башкача айтканда, эгерде банктар булар имараттар, кызмактерлер, айлык акы жана башка чыгашалар болсо, анда финтех-платформалар адамдын катышуусу жок, күнү-түнү транзакциялар өз баасынан бир эсеге, айрым учурда он эсеге төмөн баада иштейт.

Блокчейн-технологиялары — бардык финансы маалыматтарын, анын ичинде кардарды фальсификациядан ишенимдүү сактоого мүмкүндүк берет.

Ачык API «Application Programming Interface» — финтех-долбоорлордо эң маанилүү функция. Анын жардамы менен юридикалык жак каалаган финтех-платформага кошула алат жана анын бардык функцияларын өз максатында пайдалана алат.

Мисалы, банктар кардарларга валютаны бир эсеге арзан конвертациялай алат, мында өздөрү көбүрөөк табышат, анткени финтех-платформада мындай операциялардын өз баасы аны толук автоматташтыруунун эсебинен минималдуу болот.

Ачык API аркылуу финтех-платформага кошулган банктар пенсиялык аманаттардын бөлүгүн алтын менен камсыз кыла алышат, бул аманаттарды девальвациядан жана инфляциядан коргойт. Акыркы жүз жылдыкта алтын АКШ долларына салыштырмалуу дээрлик жүз эсеге, кылым башталгандан тартып алты эсеге өстү. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан банктардын бири дагы мындай түрдөгү долбоорду ишке ашыра алышпайт, анткени пенсиялык эсепке физикалык алтынды киргизүүдө саатына бир нече миллиондогон пайыздык үлүштөгү комиссия менен транзакцияларга тез аракеттер талап кылынат. Мисалы, азыр Улуттук банк куюлган алтынды салмагына жараша 4,5%дан 30%га чейинки комиссия менен сатат, ал эми бир саатта тейленүүчү кардарлардын миллиондору жөнүндө айтууга болбойт. Макул, анда сөз жүздөгөн адамдар жөнүндө болсун.

Көрсөтмөлүүлүк үчүн функцияларды салыштырууда анын окшошу катары автоунааны алууга болот. Айталы, ХХ кылымдагы Форд жана азыркы Тесла. Экөөнүн функциясы окшош сыяктуу. Адамдарды жана алардын буюмдарын ташыйт. Бирок ыңгайлуулук көз карашынан алганда, айлана-чөйрөнү булгоо, жүрүү ылдамдыгы, коопсуздугу жагынан таптакыр эки башка. Жаңылоонун саны жагынан Тесланы мурунку автоунаалардын сапаты менен салыштыруу мүмкүн эмес.

Мында берилген факттардын негизинде Кыргызстандын банк системасы архаикалык экенин ырастоого болот, ал жогоруда саналган финтех-технологияларынын бирине дагы ээ эмес, ал эми Улуттук банктын башчысы Т. Абдыгулов бул жылдар бою алакан жайып, финансы технологияларын өнүктүрүү үчүн эч нерсе кылган жок. Ал буга өкмөт, коммерциялык банктар, депутаттар күнөөлүү экенин билдирүүдө, анткени алар Улуттук банк үчүн талаптагыдай мыйзамдарды даярдап беришкен эмес. Бир сөз менен айтканда, андан башкасынын баары күнөөлүү. Ал эми чындыгында финтех-революциясы жүрүп жатканда ал өзү уктап жаткан, финтех-технологияларынын базасында Кыргызстандын банк системасын өнүктүрүү жөнүндө маселени койгон эмес.

3. ФИНТЕХ-КОМПАНИЯЛАР ҮЧҮН ТӨМӨНДӨТҮЛГӨН УСТАВДЫК КАПИТАЛ

Депутаттар: финтех-компаниялар үчүн уставдык капиталдын өлчөмүн төмөндөтүү зарыл (универсалдуу банктар менен салыштырганда). Биринчиден, мындай практика финтех активдүү өнүккөн бардык өлкөлөрдө (Лондон, Сингапур, Европа ж.б.) түзүлгөн, ал эми биз бул индустриянын «мыйзам чыгаруучулары» болуп саналбай турганыбыз айкын. Ошондуктан дүйнөлүк ийгиликтүү практикаларды пайдалануу менен аталган эрежелер боюнча ойноого тийишпиз. Негизинен бул 150 – 250 миң $. Экинчиден, финтех-компаниялар финансы рыногунда тобокелсиз финансылык операциялардын уюгун ээлейт: салымдарды тартпайт, насыя бербейт, спекулятивдик рынокко акчаларды жайгаштырбайт.

Т. Абдыгулов: финтехтин аныктамасын берүү үчүн каалоо-тилек гана айтуу менен бул позицияга макулмун.

Депутаттар: финтех түшүнүгүн аныктоодо бардык мыкты дүйнөлүк практикалар изилденди, Кыргызстандын өкмөтүнө макулдашуу жана үч жумушчу күндө аткаруу мөөнөтү менен аныктоо, тактоо үчүн өз редакциябызды жалпыл, өткөрүп бердик.

ФИНТЕХ-КОМПАНИЯ РЫНОГУНА ЧЫГУУ ТУУРАЛУУ УЛУТТУК БАНКТЫН ЫКЧАМ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУСУ

Депутаттар: Эл аралык финансы борборлору (ЭФБ) бул маселени бир – эки жумада иретке салышат. Эгерде өлкөдө жогорку деңгээлдеги финтехтин иштеп чыгуучулары жок болсо, уюштуруу маселелерин айлап же жылдап карасак, бизге ким келет. Самолетко отурат дагы башка өлкөгө кетет. Ошондуктан мыйзам менен он жумушчу күн мөөнөтүн белгилөө, эгерде Улуттук банк тарабынан кандайдыр бир тактоочу маселелер болсо, дагы беш жумушчу күн кошуу сунушталат. Эгерде баш тартуу болсо, жүйө берилсин, андан ары сотко жол ачылат.

Т. Абдыгулов: макулмун, эгерде акционерлер чет элдик жеке жактар же компаниялар болгон учурда, кароо мөөнөтүн узартуу керек.

4. ФИНТЕХ-КОМПАНИЯЛАР ҮЧҮН ТҮЗДӨН-ТҮЗ УЛУТТУК БАНКТА КОРРЕСПОНДЕНТТИК ЭСЕПТЕРДИ АЧУУ

Депутаттар: мындай практика дүйнөдө эч жерде жок экенин адилеттүүлүк менен белгилөө жана моюнга алуу керек. Биздин мыйзам чыгаруу эмнеге таянган? Финтех азыр дүйнөлүк финансы борборунда өнүгүүдө, алар дүйнөдө жогорку рейтингдеги эң ишенимдүү банктардын мыкты томтомуна ээ – ААА. Тилекке каршы, Кыргызстан мындай банктары менен мактана албайт. Анткени экономикалык күчтөн таюусу мүмкүн болгон коммерциялык банктарда эсептерди ачуу финтех-рыногунун катышуучуларын жөн гана коркутпастан, алардын кардарларын соккуга туш кылат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан алтын менен иштеген финтех-компанияларды тартууга көбүрөөк кызыкдар, эгерде финтех-компаниялар коммерциялык банктар тарабынан тейленсе, мындай учурда өздөрүнүн акчаларын кымбат баалуу металлдарга салган биздин жарандар үчүн мүмкүн болбогон тобокелдиктер келип чыгат.

Улуттук банктагы финтех-компаниялардын корреспонденттик эсептеринин пайдасына дагы бир маанилүү аргумент бар. Бул учурда контроль күчөтүлөт. Мындай компаниялар өздөрүнүн операциялык иштери тууралуу Улуттук банкка күн сайын отчет берип турат, бул ак ниет эмес компаниялар үчүн кубаттуу калкалоо болуп саналат, өз кезегинде финтех-рыногунун катышуучуларынын бардыгына ишенимдүүлүктүн кепилдигин берет.

Т. Абдыгулов: өзүн абдан кызыктай алып жүрдү. Күтүлбөгөн жерден бул иш жүзүндө Улуттук банктын өзүн коммерциялык банкка айландыруу менен бардык жеке жана юридикалык жактарга корреспонденттик эсептерди ачуу керек дегенди билдирет деп айта баштады.

Депутаттар: Мыйзам актынын долбоорунда финтех-компаниялар жөнүндө гана сөз болуп жатат, башка жөнүндө сөз жок. Кыргызстанда бир эле убакта жүздөгөн же миңдеген финтех-компаниялар пайда болот деп элестетүү кыйын, албетте андай болбойт. Эң көп 5 – 7 компания же андан да аз болушу мүмкүн. Ошондуктан, КРУБ жүктөмүнүн дароо өсүшүнүн натыйжасында КРУБ тарабынан башкаруучулукту жоготууну күтүүгө болбойт.

Андан тышкары, КРУБ коммерциялык банкка айландыруу үчүн, КРУБнын башкы максаты – максималдуу пайда алуу деп конституция менен бекемдөө керек. Ушул учурдан тартып, КРУБ валюта рыногунда, баалуу кагаздар рыногунда, акча рыногунда, насыя рыногунда, депозиттер рыногунда ж.б. коммерциялык банктар үчүн түздөн-түз атаандаш болот. Ошондой эле жөнгө салуу жана көзөмөл функцияларына ээлик кылбаган коммерциялык банктар үчүн да. Суроо жаралат: банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны ким берет? КРУБ өзүнө өзүбү? КРУБ өзүнө-өзү көзөмөл жүргүзөбү? Абдыгуловдун ойлонулбаган мындай билдирүүсү анын кесипкөйсүздүгүнүн үлгүсү.

5. УЛУТТУК БАНКТЫН САКТАГЫЧЫНДА ФИНТЕХ-КОМПАНИЯЛАРДЫН КАРДАРЛАРЫНЫН АЛТЫНДАРЫН САКТОО

Депутаттар: мындай практика дүйнөдө эч жерде жок. Бул мыйзам демилгесинин пайдасына аргументтөө иш жүзүндө жогоруда айтылгандар менен туура келет. Эл аралык финансы борборлорунда баалуулуктарды сактоо ишинде жогорку абройго ээ болгон коммерциялык сактагычтар бар. Кыргызстанда мындай сактагычтар жок. Үмүттөнөбүз, бирок азырынча жок. Алтынды жүгүртүү өсөт жана биздин өлкө баалуулуктарды сактоо боюнча дүйнөлүк лидерлер үчүн жагымдуу болуп калат.

Кымбат баалууларды коммерциялык банктардын сактагычтарында сактоого болбойт. Алар жетиштүү түрдө ишенимдүү эмес, банктар банкрот болгон учурда биздин жарандардын кымбат баалуу металлдарынын сакталышында татаал карама-карышылыктар келип чыгат.

Т. Абдыгулов: мындай чечим мамлекеттик сырды бузууга алып келет – болду! Башка эч кандай түшүндүрмө берген жок, Ушинтип так кесе жооп берди.

Депутаттар: муну түшүнүү таптакыр мүмкүн эмес. Финтех-компания кантип кандайдыр бир мамлекеттик сырды бузушу мүмкүн, Улуттук банктын сактагычында жаткан жана ага тиешелүү алтын менен операцияларды жөн гана жүргүзгөндөбү? Финтех-компания сактагыч жөнүндө, анын жайгашкан орду, анда жайгашкан башка баалуулуктар тууралуу эч качан эч нерсе билбейт, ал тургай ал жакка эч качан барбайт. Дүйнөнүн бардык сактагычтары ушинтип иштейт. Улуттук банктын сактагычын тандоо, баалуу металлдардын сакталышына контролдун жана финтех-компаниялардын баалуу металлдарынын санына контролдун ишенимдүүлүгү менен гана түшүндүрүлөт.

КОРУТУНДУ

Улуттук банктын башчысынын позициясы иштиктүү эмес. Көптөгөн реалдуу долбоорлор соккуда калууда. Айтсак, суроо келип чыгат: финтех-компаниялар коммерциялык банктардын автоматташтырылган системасы аркылуу иштөө менен пенсиянын топтолуучу бөлүгүн алтын менен сактоону камсыз кылуу үчүн транзакцияларды иштеп чыгуунун мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыгына чыга алабы? Коммерциялык банктар пенсиялык аманаттар үчүн комиссиянын чоңдугун көбөйтпөйбү? Коммерциялык банктарда алтынды сактоо канчалык ишенимдүү деп эсептөөгө болот?

Пенсиялык аманаттардын бөлүгүн алтын менен сактоо боюнча сунушту депутаттар дагы, Өкмөт дагы, Кыргызстандын калкы дагы колдойт.

Финтех-компаниялар жөн гана коммерциялык уюмдар эмес, коммерциялык банктардын рынок мейкиндигинде иш алып барган финансылык уюмдар. Финтех-компаниялар тобокелсиз финансылык иш жүргүзөт, демек аларда иш жүзүндө экономикалык күчтөн таюу коркунучу болбойт. Улуттук банктын башчысынын эгерде финтех-компаниялар тейлеп баштаса, Улуттук банк коммерциялык банкка айланып кетет деген сыяктуу ой-жүгүртүүсү толугу менен негизсиз.

Эгерде Улуттук банктын башчысынын кеңешин уга турган болсок, Бишкекте финансы борбору боюнча долбоор дагы өтө аярлуу болуп саналат. Мындай учурда Улуттук банкта мүмкүн болуучу минималдуу комиссиялар менен корреспонденттик эсептерге эмес, коммерциялык банктардын эсептери аркылуу транс чекаралык төлөмдөрдү жүргүзүүдө физикалык онлайн режимине жетүү дагы күмөн. Ошондой эле Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү тарабынан коммерциялык банктар аркылуу иштеген финтех-компанияларга болгон ишенимдин даражасы кыйла ченемсиз төмөндөйт.

Депутаттардын мыйзам чыгаруу демилгесине карата Улуттук банктын башчысынын реакциясын негизсиз деп айтууга болот, реалдуу аргументтер берилген эмес, финтех-компаниялар үчүн Улуттук банктан корреспонденттик эсептерди ачуудан жана анын сактагычтарында алтындарды сактоодон баш тартуу үчүн кандайдыр бир реалдуу себептерди камтыйбайт. Ал өзүнүн кеңештери менен Кыргызстандын финансы системасына эбегейсиз зыяндарды алып келүүгө гана жөндөмдүү. Мен Толкунбек Абдыгуловдун мындай позициясын өтө жоопкерчиликсиздик деп атайт элем.