Толкунбек Абдыгуловдун да былыктары чыга баштады…

1327

Убакыт өткөн сайын эски бийликтин азыр да майлуу, сүттүү кызматтарда отурган чиновниктеринин былык иштери ачыкка чыгууда. Алардын бири, экс-президенттер А. Атамбаевдин кийин Сооронбай Жээнбековдун эрке талтаңдарынын бири Толкунбек Абдыгуловдун дарегине байма-бай сындар айтылып, коомчулукта талкууга жем таштады. Ал аталган банкты бир топ жылдан бери мыкчып, каалагандай калчап жатканы Жогорку Кеңеште да сынга кабылды.

Абдыгулов убагында аталган банктан туракжай ссудасына деп 6 миллион сом акча алып, бирок бул сумманын 4 миллион 824 сомун эсептен чыгарып салган экен. Айтмакчы, мурда өкмөттө кагаз ташып эле жүрүп “патронунун” амири менен өлкөбүздүн эң чоң казынасын башкарып калганда ушунчалык эсиргенин мындан билиңиз, кайсы бир өкмөттүк жыйында “… силер чет элдик туристтерди кантип тартууну билбейсиңер, Ысык-Көлгө апийим эксеңер эле туристтер өздөрү келе башташат, мен албетте, тамашалап атам…”,-деп кесир сүйлөгөндө ошол жыйында отурган министр, директорлор эле эмес, бүтүндөй кыргызстандыктар «алласы» оозунан түшүп,жакасын кармаган болчу.

Көрсө, өкмөттүн маанилүү жыйынында ал өзүн казинодо же калян чеккен барда отургандай элестетип калган тура. Тиешелүү органдар Улутук банктын ушул ээн ооз гана эмес, колу да туткак төрагасына берилген турак-жай ссудасы эсептен кандай негизде чыгарылганын жана банк системасында түзгөн кара схемасын текшерүү керек. Карга карганын көзүн чукубайт демекчи, жабылуу аяк жабылуу бойдон калбашы абзел.

Убагында башкы банк бул маселеге байланыштуу комментарий берип, Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда берилгенин жана 2017-жылдын 31-октябрында ошол акчанын калган 4 миллион 824 миң сому эсептен чыгарылганын тастыктагандан башка айласы калган эмес.

Карапайым кыргыздар мамлекеттен туракжай ссудасын алууну мындай кой, төрт сотых жерин тарттырып коюп жатканда Улуттук банк 2000-2018-жылдар аралыгында өз кызматкерлерине турак-жай маселесин чечүүгө жалпысынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берип, анын 31 миллион 921 миңи эсептен чыгарылган экен. Буларга “баракелде” дегенден башка сөз айта албайсың. Эми аларды текшерип, камап эле койбостон жегенин кустуруш да керек го…