Балбан кыздар Айсулуу менен Айпери Эстонияда Олимпиадага даярданууда

229

портчулар Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Токиодо өтүүчү XXXII жайкы Олимпиада оюндарына даярдануу максатында Кыргызстандын балбан кыздары Таллинде (Эстония) эл аралык машыгууга катышып жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
28-июнда башталган машыгуу 11-июлга чейин созулат. Ага кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командадан эл аралык даражадагы спорт чеберлери Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) менен Айпери Медет кызы (76 килограмм) катышууда. Спортчуларды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектеп кеткен.

Белгилей кетсек, команда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.