Жогорку Кеңеште 13 кишиден COVID табылды. Төрага Мамытов ооруканада

226

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, кечээ, 28-июндан тарта ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин Аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде анын ичинде Төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында Covid-19 илдети аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтпоо максатында обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.

“Учурда Төраганын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө”,-деп айтылат маалыматта

Govori.tv