Токмок шаарында Бакыт Жетигенов менен Урмат Самаев тирешүүдө

81

Балээнин баары шайлоодон башталат эмеспи. 11-июлга дайындалган Токмок шаардык кеңешине бир топ партиялар ат салышууда. Алардын ичинен “Эмгек” менен “Бирге” катуу чабышка даярданышып, кылчайнашууга аз калганы кабарланды. “Эмгектин” артында Бакыт Жетигенов турса, “Биргени” Урмат Самаев көзөмөлдөп, күрөш күүсү көркүнө чыкчудай. Эки тыңчыкма азырынча шаардыктардын добушун алуу менен алектенүүдө. Согушка жете элек…

Булак:Азияньюс