«Талибан» кыймылы Өзбекстанга кирип келди

32

Ооганстандын армиясы «Талибан» кыймылы менен болгон салгылашуудан кийин кайрадан Өзбестандын чек ара аймагына өтүп кетишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин пресс-катчысы Шерзод Асадовго таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышууда.

«23-июнда биринчи жолу Ооганстандын 53 жараны жана аскер кызматкерлери чек араны бузуп, Өзбекстанга кирүүгө аракет кылышкан. Андан кийин дагы бир нече басып кирүүгө аракеттер жасалган. Акыркысы ишемби күнү болду», – деген Асадов.

Анын айтымында, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык, Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылган адамдардын бардыгы Ооганстанга кайтарылган.

Маалым болгондой, Өзбекстандын ички иштер министрлиги 27-июнда чек араны 44 ооган аскери жана жарандар бузуп киргенин жарыялаган.

Эске салсак, 24-июнда Өзбекстандын аймагына Ооган аскерлери куралчан өтүп кеткенден кийин Өзбекстан Ооганстанга катуу эскертүү берген.

Булак: NazarNews.kg