Саясат “Аалам” партиясынын лидери Арсланбек Малиевдин үстүнөн кара булут айланганда…

34

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Аалам” саясий партиясынын лидери, айтылуу Арсланбек Малиев мырзанын үстүнө да кара булут айланып баштаганын узун кулактар кабарлап жатышат. Атайын кызматтар тарабынан көп жылдан бери келе жаткан коррупциялык иштери чубалабы? Эскиден келе жаткан эрендерди четинен “кустуруп” жаткан замандын тегирмен ташына түшө тургандардын тизмесин Арсланбек мырза да толуктаганы калдыбы? “Кусуп” эле жөн калбай, андан ары темир тордун артына барып калышы мүмкүнбү? Бирок, Арсланбек мырза да карт бөрүлөрдүн бири, анүстүнө башкаларга өзүн ажобуз Садыр Нуркожоевичтин тууганы катары тааныштырган бир адам жандап жүрөбү? Ажобуздун ушул адам жөнүндө кабары бар бекен? Суроолор жаралат. Кыргызстан бүгүн башка шарттарда жашайт жана мындай иштерге өлкө башчысынын жакындары аралашкан заман өтүп кетти го?

Булак:Азияньюс