Кайтканда жыгылган. Чоң-Алайдагы Ленин чокусунда польшалык альпинист көз жумду

227

2-июлда базалык лагерге россиялык 12, ал эми польшалык эки альпинист келгени айтылган. Кырсыктаган адам 50 жашта болгон.

Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусунда польшалык альпинист кечээ, 7-июлда, каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

“7-июль күнү болжол менен саат 7:15тер чамасында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ленин чокусунун 5100 метр бийиктигинде Польшанын 1971-жылы туулган Б.П. аттуу жараны жүрөгү кармап каза болду”, — деп билдиришти милициядан.

Маалыматта 2-июлда базалык лагерге россиялык 12, ал эми польшалык 2 альпинист келгени айтылган.

“Эки күндөн соң 4400 метр бийиктикке, дагы эки күндөн соң 4800, ал эми 7-июлда 5100 метр бийикке чыккан. Кайра түшүп келе жаткан учурда саптын алдындагы П. Б. эс-учун жоготуп жыгылган. Жасалма дем алдыруу кылганы менен өзүнө келе албай каза болгон”, — деп кабарланды.

Милициядан бул окуядан кийин соттук-медициналык экспертиза дайындалгандыгын айтышты.

Sputnik.kg