Айбек Осмонов менен Аскар Салымбеков шайтан оюндун жаңжалына себепчи болушабы?

220

11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерге карата шайлоо өтөт. Бул жагынан акчалуу партиялардын арасында атаандаштык катуу жүрө баштады. Өзгөчө “Биздин Кыргызстан”, “Эмгек” жана “Ата Журт Кыргызстандын” ортолорунда миллиондорду сапыруу таймашы чегинен чыгып бараткандай. Тиешелүү органдар мыйзамсыздыктарды иликтөөдө кашаңдык көрсөтүп атканын байкап атабыз. Кызмат, мандат үчүн коммерсанттардын жулунушканы жакшылыкка алып барбайт эмеспи. “Биздин Кыргызстанды” депутат Айбек Осмонов кирдүү каражаттары менен сүрөп, Бишкек, Ош шаарларынан жеңишке жетсе, соңунда чоң жаңжалга негиз түзүлбөйбү? “Эмгек” да эдиреңдеген бойдон теминип барат, Аскар Салымбековдун байлыкка марыган кланы ээ жаа беришпей, сатып алуу саясаты жагынан алдыга озсо, акыры мүдүрүлүп жыгылчу ыңгайды сезишпейби? Бир чети күзгө карай саясий майдандын тазалануусу, олигархтардын өкүмзордугу талданып, ар кимиси өз кылган иштери үчүн жоопкерчиликке кабылышса, адилеттүү баа берилеби? Көрө жаталы, Кудай бар!

Булак:Азияньюс