«Акаевге издөө жарыяладык… Пока Жээнбековго эч нерсе жок», – К.Ташиев

210

Кыргызстандын мурунку 3 президентинин ысымына байланыштуу кылмыш иштер бар. Бул тууралуу УКМКда төрага Камчыбек Ташиевдин катышуусунда бүгүн, 8-июлда уюштурулган маалымат жыйында айтылды.

«Тергөөнүн негизинде мына Бакиевге (ред., — Курманбек Бакиев) иш козголду. Атамбаевге (Алмазбек Атамбаев) мына козгоп жатабыз. Акаевге (ред., — Аскар Акаев) издөө жарыяладык.

Пока Жээнбековго (ред., — Сооронбай Жээнбеков) эч нерсе жок. Эгерде Жээнбековго бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы жоопко тартабыз. Бирок азырынча Сооронбай Шариповичке эч нерсе жок, чыга элек…», – деди К.Ташиев.

Barakelde.org