1 292 кишиден COVID табылып, 10 бейтап көз жумду. Соңку статистика

321

Илдет илештиргендердин көбү дагы эле Бишкекте. Мындан сырткары, Жалал-Абад, Баткен облустарында да 100дөн ашык адамдан коронавирус табылган.

Өткөн суткада 1 292 кишиден коронавирус табылып, 923 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 720;
Ош – 38;
Чүй облусу – 196;
Ош облусу – 31;
Талас облусу – 16;
Нарын облусу – 23;
Ысык-Көл облусу – 49;
Жалал-Абад облусу – 101;
Баткен облусу – 118.

Жалпысынан Кыргызстанда 142 270 адам илдет илештирген. Анын ичинен 119 694ү ооруну жеңген.

Айыккандар:

Бишкек – 526;
Ош шаары – 83;
Чүй облусу – 117;
Ош облусу – 46;
Талас облусу – 20;
Нарын облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 50;
Баткен облусу –59.

Кечээтен бери өлкөдө 10 бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Анын ичинен жетөө Бишкекте, Чүйдө бирөө, Ысык-Көлдө бирөө жана Ош облусунда бир өлүм учуру катталган. Пандемия башталгандан бери оору 2 123 адамдын өмүрүн алды.

Азыркы тапта ооруканаларда 4 587 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 352 бейтаптын абалы оор болсо, 219 кишиники өтө оор деп бааланды. Бир суткада 36 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Sputnik.kg