Момбеков: Корумду — Балбай жолу эки эсе кымбат бааланды, Темир Сариевди кайра алып келели

491

Көлдөгү унаа жолдун курулушунун сметалык наркы 128 миллион долларды түзөт. Каражат чет өлкөдөн кредит катары алынат.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Корумду — Балбай жолунун курулушу эки эсе кымбат бааланып жатканын билдирди.

Эл өкүлү 104 чакырымдык Балыкчы — Корумду жолун 6,8 миллиард сомго кымбат курган деп айыптап, ошондой эле премьер-министр Темир Сариев, транспорт министри Аргынбек Малабаев кызматтан кеткенин айтып, бул долбоор андан эки эсе кымбатка түшкөнүн билдирди.

“Депутаттык комиссия түзүп, кымбат болуп кетти деп Сариевди кетиргенбиз. Азыр эки эсе кымбат салып жатабыз. Анда Сариевди кайра алып келиш керек. Бул долбоордо Чолпон-Атадай шаарды кесип өтпөйт, Долинкадагыдай коммуникацияларды кылбайт. Аралыктары алыс, бирок эки эсе кымбат. Кредиттин пайыздык коюму да жогору. Жол салуу эмес эле казынага кол салуу болуп жатпайбы. Эки жолго эки баа, 65 миллион доллар жана 135 миллион доллар. Бирок категориялары бирдей”, — деди Момбеков.

Балыкчы — Корумду жолун бюджеттин эсебинен салыктардын баары төлөнүп курулганын, мында кредитке, салык төлөбөй салууга белсенип жатышканын сындады.

Балыкчы — Корумду унаа жолунун курулушунун жалпы наркы 128 миллион долларды түзөт. Каражат чет өлкөдөн насыя катары алынат.

Мисалы: Бишкек-Кара-Балта жолу 4 жылдан бери салынып жатат. Үч жарым жыл болду башталганына. Бир чакырым жолу бир жарым миллион доллар. Сариев кеткенден кийин башташты. Ал эми Сариев баштаган Балыкчы-Корумду жолу ушундай эле төрт саптуу жол, ушундай эле 104 кө чейин көпүрө бар, айылдарды аралап өтөт, бир чакырым жолу 747 миң доллар. Эки эсе арзан болуп жатат. Учурда түндүк-түштүк альтернативалык жолу салынып жатат, бир чакырымы үч жарым миллион доллар, беш эсе кымбат. Мынакей коррупция кайда жатат? Эгерде Сариев өкмөттөн кетпегенде “Балыкчы-Корумду” жолу убагында бүтүп, элге ыңгайлуулук жаратып калмак. Алсак, бүгүнкү күндө сапаттуу жана эң тез салынган ошол жол болуп олтурат.