Эч кимге эми жеңил болбойт. Афганистандагы акыркы кырдаалга сереп

178

Анкара менен Вашингтон Кабулдагы аэропортту күзөт жана көзөмөлдөө үчүн калтырып жаткан түркиялык аскерлерге талибдер “каалга тарапты көздөй буюрду”.

Буга катар эле “ислам эмирлигинин” жапайылашкан согушкерлери аскер туткундарын – өз мекендештерин өлтүрүшүүдө. Афганистан, аны менен кошо Кошмо Штаттар жана алардын союздаштарынын эл аралык аброю жардан ары кулап барат…

“Талибан”* Афганистандын аймагындагы түркиялык аскерлердин калышын АКШ менен келишимди, өлкөнүн суверенитетин жана территориялык бүтүндүгүн бузуу деп баалап, Түркияга көйгөйдү (бирди көрсөтүүнү) убада кылды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун кезектеги макаласы да Афганистандагы абалдан кеп учугун чубайт.

Кайсы өлкөнүн аскерлери калбасын, талибдер оккупация катары баалашат: “Баскынчылар менен Лунара хижрасы боюнча 1422-жылдагы (2001) фатфанын негизинде күрөшөбүз. Ага ылайык, акыркы 20 жыл аралыгындагы согуш жихад болду”. Кескин талап кайра талкууга алынбайт.
Мурдараак Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Кабулдагы аэропортту 2021-жылдын 31-августунан кийин белгисиз убакытка чейин кайтаруу маселеси АКШ менен макулдашылганын жар салган. Борбор калаанын аба майданынын коопсуздугун АКШ жана альянс күчтөрү чыгарылгандан кийин да НАТОго мүчө-өлкөнүн аскерлери тарабынан камсыздоо долбоору башынан эле ишке ашырылгыс экени сезилген. Кабулдун түндүк бөлүгүндөгү бул объект шаардык курулуш жана коммуникацияга интеграцияланган.

Автомобилдик жана темир жол түйүндөрүнүн начардыгынан улам аэропорт – Афганистандан тышкы дүйнөгө чыгуу жана сырттан кирүүнү каалагандардын баарына негизги “портал”. Аэропортту ким көзөмөлдөсө, иш жүзүндө ал баш калаанын, бир кыйла деңгээлде өлкөнүн кожоюну болуп саналат. Албетте, талибдер муну түшүнгөндүктөн өз “эмирлигинде” бийликти чет өлкөлүк күчтөр тургай, атаандаштарынын эч бири менен бөлүшкүсү жок.

Кабулду алууну “окуучулар” кыймылы мезгилдин гана маселеси деп эсептейт. Бүгүнкү күндө “Талибан”* өлкөнүн 398 уездинин 250гө чукулун көзөмөлдөөдө. АКШ күчтөрүн чыгаруу процесси да 95%га аяктап калды.

Афганистандын түндүк чек араларына жакын райондордо өкмөттүк күчтөр, элдик кошуундун “Талибандын”* отряддары менен айыгышкыс согушу дале уланууда. Талибдер коңшу мамлекеттердин чек аралары бузулгус деп ынандырганы менен согуш башаламандыгы Борбор Азияга өтө эле чукулдап турат. “Ислам мамлекетинин”* активдешкени да кооптондурат. РФ Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, түндүк провинцияларга 4000дин тегерегинде ИМ* согушкери топтолгон.
Ыкчам кырдаал

Өткөн жумада Афганистанда Кундуз, Бадахшан, Бадгис жана Герат провинцияларында согуштук аракеттер күч алып, жүздөгөн аскерлер, талибдер жана жай жарандар окко учушту. Өкмөттүк күчтөрдүн көзгө көрүнөрлүк ийгилиги “Талибан”* чалгын кызматынын жетекчиси Кари Шагасини Логар провинциясында 12-июлга караган түнү жок кылганы болду.
Экинчи жагынан басып алган уезддерде талибдер жырткычтык аракеттерге барууда. Жергиликтүү кыздарга зордоп үйлөнүп, “эмираттын” жаңы эрежелерине (теле көрсөтүү, акылдуу телефон, музыка, европалык кийим-кече кийүүгө тыюу салуулар) элдин нааразычылыгын ырайымсыздык менен басып, ал түгүл туткундагыларды өлтүрүп да жатышат. CNN маалыматына таянсак, согушкерлер Түркмөнстан менен чек арага жакын Фарьяю провинциясынын Давлат-Абад шаарында багынып берүүгө камынып калган афган армиясынын 20дан ашуун атайын багыттагы аскерин атып салышкан. Мындай жоруктары талибдердин эл аралык аренада мыйзамдуу улуттук күч катары көрүнүү аракеттерине карама-каршы келүүдө. Борбор Азияда баарынан тажик чек арасы эң чыңалган жана кооптуу болууда, Афганистандын бул мамлекет менен чектешкен аймактары ушул тапта дээрлик толугу менен талибдердин көзөмөлүндө.

Афганистандын Кундуз шаарынан 60 чакырымдык аралыктагы “Шерхан-Бандар” көзөмөл-өткөрүү пунктунун басып алынышы АКШ үчүн өзгөчө жүз кызарткан сокку болду. Анткени паромдорду алмаштырган 37 млн. долларлык 700 метрлик көпүрө 2007-жылы америкалык өкмөттүн каржылык колдоосу менен курулган. Бүгүнкү күндө ошол көпүрөдө “бажы төлөмдөрүн” расмий бийлик эмес, “Талибандын”* согушкерлери топтоодо. Россия менен Тажикстан Афганистан менен чектешкен жерде жаңы чек ара заставасынын курулушуна тегин жерден киришкен жок. Акыркы эки күндө эле талибдерден кутулуу үчүн тажик аймагына 120дан ашуун афган жараны өткөн. Душанбеде 13-14-июлда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин ТИМ жетекчилеринин афган маселесине басым жасалган саммити өттү. Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери “ар кыл террордук, сепаратисттик жана экстремисттик уюмдардын топтолушу кескин күч алгандыктан” Афганистандын түндүк провинцияларындагы абалга тынчсызданууларын билдиришти. Россия, Индия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстандын өкүлдөрү 2022-2024-жылдарга терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө кызматташуу программасын, 2018−2023-жылдарга баңгизатка каршы стратегиясы боюнча жумушчу планын карашты.
Чыгыш кылдаттыкты талап кылат

“Талибандын”* дипломатиялык активдүүлүгү Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдү капарга илбеди. Анткен менен анын “саясий кеңсеси” Москва, Тегеран жана Борбор Азиянын айрым баш калааларында болду. Акыркы күндөрдөгү окуялар жана көрүнүштөр Кошмо Штаттар жана алардын союздаштары Афганистан Ислам Республикасынын мыйзамдуу жетекчилигине эми эч кандай жардам бере албастыгын көрсөттү.

Талибдер Кабулдагы өкмөттү жеңе элек, бирок Вашингтонду утту. Америкалыктар Афганистандагы Вьетнамдан кийинки эң кыйратуучу геосаясий жеңилүүнүн күнөөкөрлөрүн кызуу издөөгө киришти. Экинчи (!) афган согушунда утулган Улуу Британия Бириккен Улуттар Уюму 2001-жылдан ушул күнгө чейин террорчу деп атап келген – бүгүнкү жеңүүчүлөр менен кызматташууга баш ийген сымал. Ал тургай талибдер арасында сыйга татыган Түркия да “акыркы афган эскертүүсүн” алды.

Жамааттык Батыш дале Афганистан Ислам Республикасынын өкмөттүк күчтөрүнө “колдоо” көрсөтүмүш болууда. Кабулдагы америкалыктарга ыктаган өкмөттү коргоп кала албаса да “өз аброюн сактап калуу” далалатында. Бирок камсыздоочу авиабазанын алыс – Абу-Дабиде (Бириккен Араб Эмирлиги) жайгашканы майнаптуулукту азайтып, Афганистанга чейин үч-төрт саатты гана кепилдейт (Кабулга чейин 1800 чакырым). Башка чекке жете алышпады.

Географиялык жайгашуусу Вашингтон менен НАТОго караганда эң оболу Москва жана анын союздаштарына жараша. РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Афганистандан америкалык күчтөрдүн чектеш борбор азиялык мамлекеттерге жеткирилиши Россия үчүн таптакыр ылайыксыз экенин айткан. Бул көз карашын Москва Вашингтон жана өзүнүн аймактык союздаштарына да билдирген.

Мындан ары эч кимге жеңил болбостугу айдан ачык. “Талибан”* – деструктивдик, террордук уюм экендиги талашсыз, бул жагдай РФ, Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн адекваттуу чара көрүшүн талап кылат.

Пакистандын экстремисттик медреселеринде жаш радикалдарды Россия жана европалык цивилизацияга карата болушунча терс маанайда тарбиялашат.

Ошентсе да Ирак, Афганистан, Югославия, Ливия, Сириядагы АКШ жана НАТОнун кан төгүлгөн көп жылдык “түзөтүүлөрүн” жалпы алып караганда, талибдер “азыраак зыяндуу” чыгар.

Кошмо Штаттар соңку жетимиш жылдыктагы согуштардын баарында жеңилген, бирок Афганистан – Батыш тарыхынын өзгөчө барагы. Ал ондогон өлкөлөрдүн аскердик-экономикалык дарамети жана биргелешкен жогорку технологиялык чымыркануусуна карабастан 20 жыл бою Чыгышты өзгөртө алган жок.

* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.

Sputnik.kg