Афганистанда талибдер менен түрктөр салгылашабы?

84

Талибдердин катаал позициясына карабастан Түркия “өз шарттарында” Афганистанда 31-августтан кийин да Кабулдун эл аралык аэропортун кайтарууга белсенип турат.

Анткен менен АКШ жана НАТОнун материалдык-техникалык колдоосунда түркиялык күчтөрдүн “Талибан”* менен куралдуу тиреши афган территориясындагы ажырымды ырбатышы ыктымал. Афган ислам республикасынын өкмөтү жана өзүн-өзү жарыялаган “Ислам эмирлигинин” таасири тараган зоналарга бөлүнүшү ого бетер күч алат. Эгер буга Анкара менен Вашингтондун таасири, күч жана ресурстары жетсе…

АКШ менен Түркиянын Афганистан жаатындагы пландары, ЖККУнун камылгасы жана кан күйүп турган өлкөдөгү абалды аскерий баяндамачы Александр Хроленко талдаган.

Түркия коргоо министри Хулуси Акар шейшембиде журналисттерге афган планынан бөлүштү. “Биздин максат – афган туугандарыбыздын коопсуздугу, тынчтыгы жана жыргалчылыгы үчүн салым кошууну улантуу”, — деди ал. Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропорттун (Кабул) пайдаланылышы жана коопсуздугу тууралуу суроолорго жооп берди.
Түркиялык министрдин жоопторунун негизгилерине токтололу. Хулуси Акар Түркия Афган ислам республикасында 20 жылдан бери афган өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгын жактап келгенин, эч кандай аскердик миссия болбостугун, консультациялар гана жүрөрүн, техникалык тейлөө жана ремонт, анын ичинде борбор калаанын аэропорту колдонуларын белгиледи. Эгер аба майданы тийиштүү деңгээлде иштебесе, Афганистан обочолонгон мамлекетке айланып, эл аралык алакаларда олуттуу маселелер жаралат.

Талибдердин күчөп бараткан таасири маселе эмес, Түркия тарап Афганистандагы окуяларга жана Тажикстан менен Өзбекстандын чек араларын коопсуздук даражасына тыкыр көз салууда.

Афганистандагы аскердик-саясий кырдаалды эске алуу менен афган өкмөтү, НАТО жана Европа биримдигинин катышуусунда аскердик мекемелер жана техникалык адистер боюнча Түркия менен АКШнын ортосундагы “өтө конструктивдүү жана абдан позитивдүү сүйлөшүүлөрү” уланууда.

Акар АКШ менен “Талибандын”* Доха келишиминен оолак карманганы ачык байкалат. Анын себеби да анык: эгер Түркия альянстын аскердик операцияларына катышпаса, тек гана аэропорттун техникалык тейлөөсүн камсыздап, ремонттоп жана кайтарып келсе, өзүнчө бир “тынчтык миссиясын” Афганистанда 31-августтан кийин да уланта берүүгө эч нерсе жолтоо болбочудай. Бирок талибдер буга макул эмес, алар НАТОнун бардык, анын ичинде Түркиянын да күчтөрүн аскердик интервенттер, башкача айтканда, “жихад” объектилери деп эсептейт.

Бирок афган борбор калаасы азырынча өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө. Калууга да азгырык бар, анда Кабулдун эл аралык аэропорту автоматтык түрдө “запастык аэродром” функциясын аткарып калат. Афганистан жана коңшу өлкөлөрдө кырдаал таптакыр колдон чыгып кеткен учурда Пентагон жана НАТО бар.
Аткарылгыс вазыйпа

Кабул аэропортунда түркиялык аскердик контингенттин болушу Анкара – Вашингтон байланышында эмес, афган өкмөтү менен “Талибан”* макулдашууга жетишкенде гана мүмкүн. Бирок талибдер менен макулдашуу болору арсар. Жаңжалдашкан тараптар макулдашты дейли, Кабулдагы түркиялык күчтөргө АКШ жана НАТОдогу кесиптештери материалдык-техникалык логистика жагынан колдоо көрсөтөрү турулуу иш. Башкача айтканда, вазыйпа эл аралык макам алат, анткени түркиялык ресурстар чектелүү, өлкө бир эле убакта бир нече аскердик жаңжалга катышууда.

“Кабул аэропорту” миссиясын колдоо туурасында америкалык жана түркиялык президенттер июнь айында эле талкуулашкан. 31-августтан кийин да АКШ жана НАТО күчтөрүнүн калышын узартуу схемасы жетиштүү деңгээлде ачык. Ошондуктан талибдер 13-июлда Афганистанда түркиялык аскердик бөлүктөр Доха келишимин, өлкөнүн суверенитетин жана территориялык бүтүндүгүн бузууда деп расмий жана кескин түрдө билдирип, ошондой эле Түркияга да көйгөй жаратарын, ал тургай жихадды көрсөтөрүн убада кылышты.

Түркиялык күчтөр менен талибдердин ортосунда кокус согуш оту тутанып кетсе, Анкаранын эбегейсиз чыгымдарын жана чоң жоготууларын F-35 истребителдерин өндүрүү жана пайдалануу программасына кайтаруу түрүндөгү америкалык сыйлык да актап бере албайт.

Анкаранын да, Вашингтон жана Кабулдун да оптимисттикке берилүүгө негиздери өтө эле аз. Анткени “Талибан”* согушкерлеринин таскагы катуу. Июлдун ортосунда айыл-кыштактардын басымдуу бөлүгүн ээлеп, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан менен чек аралардагы көзөмөл-өткөрүү пункттарын басып алды. Кыймылдын “саясий кеңсеси” 12-июлда Афганистандын аймагынын 85 пайызын колго алганын жар салды. Административдик ченемде бул өлкөнүн 398 районунун жарымынан көбүн түзөт. Статистика үрөй учурат. Кабулду алууну талибдер убакыт маселеси гана деп эсептейт.

Талибдер 7000 санаалаш-тарапташы куткарылып, БУУнун “кара тизмесинен” чыгарылган күндө гана үч айлык элдешүүгө барарын билдирди. Бирок жазында келишимге ылайык алгачкы 5000 талибдин бошотулушу согуштук аракеттердин жаңы толкунуна кептегенине күбө болуп турабыз.

Өткөн он жылдыктарда “окуучулар” талаада мээнеттенип жана өндүрүштө эмгектенгенди унуткарган. Колдоруна курал алып, тагыраагы, өз мекендештерин өлтүрүп акча табууга кынык алышкан. Кабулду алыша элек, анан да дасыккан согушкерлердин баасы артып турган убак.

Бириккен Улуттар Уюму “Талибанды”* террордук уюмдар тизмегинен чыгарган күндө да афган абактарынан бошотулган жети миң “накта мусулман” террорчу болбой калышпайт. Анан да бул – афган көйгөйлөрүнүн чети гана.
Афганистан үчүн прокси-күрөш

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар 15-июлда дагы бир кызыктуу билдирүүсү менен чыкты. Айтымында, бүгүнкү мамлекеттер аралык жаңжалдар адаттагы түзүмүнөн четтеп, “ассиметриялык” калыпка түштү. Өлкөлөрдүн тиз тиреши артта калып, согуштун жаңы талаасы жаралууда. Анда мамлекеттик эмес субъектилер акырындап өз таасирин күчөтөт жана алардын башында прокси-терроризм турарын белгилейт Хулуси мырза.
“Террордук уюмдар мамлекеттик эмес субъектилер катары, макулдашылган тейде жүргүзгөн күрөштүн алда канча маанилүү элементине айланды. Бул уюмдар өз таасирин чыңдоо үчүн учурдагы шарттарга көнүп жана өрчүй түшүшкөн”, — дейт ал.

Эгер ушул ойдун учугун андан ары улай турган болсок, Афганистандагы “прокси-террорчулар” менен да мамлекеттер аралык күрөштү боолголоп жатышат, мында Түркиянын вазыйпасын тынчтык миссиясы дегенге болбойт.

“Афган туугандарды” коргоо Афганистан менен чектешкен Анкаранын болжолдуу кастары – Иран, Пакистан, Кытай, Индияга (бардык айкалышта) багытталганын да болжоого болот. Борбор Азиянын өлкөлөрү обочолонуп турат, анткени аларды түрктөр “өз” катары кабылдайт.

Кандай болгон күндө да “Талибан”* долбоорунун негизги куратору жана пайда көрүүчүсү – Пакистан Кабулдагы түркиялык “вазыйпага” башкаларга караганда көбүрөөк нааразы өңдөнөт.

Афган багытында күч алып бараткан Кытайдын – экономикалык жана аскердик-саясий таасирин баалоо татаал. Бул держава “Талибан”* менен дипломатиялык алакаларды өнүктүрүүгө ниеткер. Пекин талибдерге өз ара кызматташууну сунуштады. “Окуучулар” ал үчүн болгону уйгурлардын “Чыгыш Түркстандын ислам кыймылы” менен кызматташуудан баш тартууга тийиш. Өз ара түшүнүүгө жетишишти. Түркиялык аскерлердин Кабул аэропортунда болушу кытайлык жолдоштордун планына кирери күмөн.

Ага катар эле Пекин Борбор Азияда да активдүү. Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И 12-16-июль аралыгында Афганистан менен чектешкен дароо үч өлкөгө, атап айтканда, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстанга иш сапары менен жөн жерден барганы жок. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири – тез өзгөрүлмөлүү афган кырдаалы. Ташкентте да кечээ биргелешкен экономикалык, гуманитардык долбоорлорду талкуулоо менен чектелишпеди. Андан мурунку күнү Душанбеде Ван И Кытай менен Тажикстан коопсуздук жаатында да кыйла маанилүү кызматташууну өрчүтүп, чакырык жана тобокелдиктерге каршы күрөштө аракеттерин бириктирип, тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүн чогуу алдын алууга тийиш экенин билдирген.

Ашхабадда 13-июлда Ван И Кытай түркмөн тараптын улуттук коопсуздугун камсыздоого кол кабыш кылуу менен “коопсуздук тармагында адаттагыдай да, адатка айланбаган да кызматташууну чыңдоого” даяр экенин билдирди.

Борбор Азиядагы үч борбор калаада тең ар кандай формада биргеликте “тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүн жана алар келтирчү зыяндын алдын алуу” деген кытайлык сунуш үстөмдүк кылып турду. Чөлкөмдө Түркиянын (АКШ жана НАТОнун) көмөгү жок эле ички күчтөрдүн эбин таап алышары айкын. Мисалы, Россия “Талибан”* кыймылына Борбор Азиядагы союздаштарынын чек арасын кесип өтсө жана коопсуздугуна залал келтирилсе, “чоң жоготууларга” кабыларын эскерткен. Мындан сырткары, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан август – сентябрь айларында афган чек араларына жакын жерлерде атайын багыттагы аскерлердин биргелешкен машыгууларын өткөрмөкчү.

Афганистандын түндүгүндө калкты “Талибанга”* каршы турууга маршал Абдул-Рашид Дустум жана айтылуу “Панжшер арстаны” Ахмад Шах Масуддун уулу түп көтөрүүдө. Ал ортодо АКШ Афган ислам республикасынан өз күчтөрүн 95 пайызга чыгарып бүтүп калышты. Кабулда “түркиялык долбоорду” чыңдай турган эч нерсе жок. Абал Афган борбор калаасындагы аэропорттун имаратында “янычарлар” менен атышууга дейре жетпестир.

* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.

Sputnik.kg