ФИНТЕХ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ БЕРЕТ?

468

«Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» 2021-жылдын 9-февралындагы Президенттин Жарлыгы

«…- финансы технологиялары чөйрөсүндө (финтех-стартаптар), анын ичинде атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында инновацияларды өнүктүрүү жана киргизүү үчүн жагымдуу ченемдик укуктук базаны түзүү….».

 КР Президентине жарандардын 80% добуш берген – биз ага өлкөнүн келечегин ишенип тапшырдык.
 Финтехти өнүктүрүү боюнча мыйзам чыгаруу демилгеси менен Жогорку Кеңештин жарымынан ашык депутаттары чыгышты.
 Өкмөт менен иштиктүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Финтех боюнча мыйзам долбоорунун төрт негизги пункту колдоого алынды. Жумушчу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биринчи пункттун Кыргызстанда финтехти өнүктүрүүнүн максаттары жана милдеттери жөнүндө жаңы редакциясы жазылды.

ФИНТЕХ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ БЕРЕТ?

БИРИНЧИ:
Бишкек бүгүнкү күндө региондук финансы борборунда алтындын базалык активдерин пайдалануу менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында блокчейн-технологияларынын базасында онлайн (көз ирмемдик) төлөмдөрдү уюштуруунун эсебинен эркин позицияга ээ. Акча менен жана акчасыз жашоо дагы мүмкүн эмес. Бул өлкөнүн финансылык абалын олуттуу жашыртууга мүмүкүндүк берет.

ЭКИНЧИ:
Жарандардын пенсиясынын бөлүгүн дайыма куну түшүп турган сом менен эмес алтын менен сактоо уюштурулат,
Алтын АКШ долларынан күчтүүрөөк – ал долларга караганда 100 жылда 100 эсеге өстү, ал эми акыркы 20 жылда – 6 эсеге өстү.

Мындай сактоолор пенсионерлерге бир кыйла татыктуу жашоону камсыз кылат жана жакырчылыктан сууруп чыгат. Муну техникалык жактан рекорддук төмөн комиссия менен ар бир саат сайын көптөгөн миллион кардарларды тейлей алган финтех-компаниянын базасында гана ишке ашырууга мүмкүн.

ҮЧҮНЧҮ:
Көптөгөн миллиондогон чыгашаларсыз жана жыргатпаган валюталык резервдерсиз сомдун курсун турукташтырат.

Азыр Кыргызстандын калкы өздөрүнүн акчаларын дайыма куну түшүп турган сом менен эмес, доллар менен сактоону туура көрүшөт. Адамдар сом менен доллар сатып алышат жана мындай суроо-талаптан улам улуттук валюта дайыма арзандап турат.

Бул кырдаалда Улуттук банк сомду турукташтыруу үчүн рынокко долларды сатат жана өлкө бул максатка жылына жарым миллиарддаган тартипте долларларды жоготот(!!!). Биздин Улуттук банктын олуттуу миссиясы – акчаны асманга чачуу.

Эгерде алтынды абдан кичинекей комиссия менен сактоо мүмкүн болсо, анда бул элге пайдалуу болот. Бүткүл экономикага пайдалуу болот, анткени долларга болгон суроо-талап төмөндөйт жана Улуттук банкка жылына жарым миллиарддарды чачуу талап кылынбайт. Ал эми жылына жарым миилирддаган долларларды Кыргызстандын кыйла көп пайдасына жумшоого болот.

ТӨРТҮНЧҮ:
Альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү. Азыр бул дүйнөдө актуалдуу багыттардын бири.
Биздин өлкө уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү кенен жайгашкан – күнөстүү, шамал, тоолуу, өзөндөр. Бул заманбап технологияларды жана так эсепти талап кылат. Мисалы, мындай финтех-программа АКШда ийгиликтүү пайдаланылган жана аны Кыргызстанда ишке киргизүү жөнүндө иштеп чыгуучулар менен алдын ала макулдашуулар бар.

БЕШИНЧИ:
Заманбап мамлекеттик банктарды жана анча чоң эмес уставдык капиталы бар финансы түзүмдөрүн түзүү.
Мисалы, сингапур банк системасынын негизин өлкөнүн Өкмөтүнө таандык контролук топтомдору бар үч банк түзөт.

Кыргызстан дагы анча чоң эмес уставдык капиталы бар Өкмөттүн контролундагы өздөрүнүн финансы уюмдарын заманбап инновациялык чечимдердин базасында рынокко алып чыгып, ошону менен бирге көп эсе арзан жана заманбап, анын ичинде мамлекеттик башкаруу боюнча операцияларды, кредит берүү, депозиттик операциялар жана алпы-сатуу операциялары сыяктуу жогорку тобокелдиксиз операцияларды тейлөөнү камсыз кыла алмак.

Ишенип коюңуздар, финтехти колдонуунун тизмесин чексиз кеңейтүүгө болот. Кыргызстандын банк системасынын технологиялык деңгээлин кескин көтөрүү, интернети дагы жок алыскы айылдарга замандап финансы кызматтарын жана башкаларды сунуштоо. Бул темадагы бүтпөгөн пайдасыз сөздөрдү токтотуп, реалдуу ишти гана баштоо керек. Биз ансыз деле үч айды бекер кетирдик (9-февралдан тартып).

ФИНТЕХТИ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАРЛЫГЫНА КИМ БУТ ТОСУУДА?

СССРдин «болот» наркому Каганович айткандай – «ар бир катанын, кылмыштын же көйгөйдүн өзүнүн аты жана фамилиясы болот».

Кыргызстанда финтехти блоктоо көйгөйүнүн өзүнүн аты жана фамилиясы бар – бул Толкунбек Абдыгулов. Ал бир дагы маңыздуу аргументи жок кызыктыдай тексттерди жазууда, мунун бардыгы жөнү жок коркуу:
 улуттук финансы системасы кыйрайт
 криминалдар ээлейт
 мамлекеттик сырлар ачылат ж.б.

Маңызы боюнча билсек болобу:

 Эмне үчүн финтех мыйзамы өнүккөн бир дагы өлкөдө банк системасы кыйроого учураган жок, болгону тездик менен өнүгүүдө, а бизде ал сөзсүз кыйрашы керек?

 Дүйнөнүн бир дагы финансы системасын криминал ээлеп алган жок, эгерде финтех-компанияларда кардарларды идентификацияласа жана кириминалдык операцияларды блоктосо?

 Эмне үчүн дүйнөнүн бардык сактагычтарында мамлекеттик сырлар гана эмес, коммерциялары дагы баары сонун эле турат?

 Эмне үчүн биздин банк системасы постсоветтик экономикалык жактан ийгиликсиз Арменияга салыштырмалуу бир жашоочу 7 эсеге аз банктык активдерге ээ, бирок Кыргызстандын банк системасы сонун жана тездик менен өнүгүп жаткандай көрүнүп жатат? Муну менен бирге Кыргызстан дүйнөнүн 50 жакыр өлкөсүнө кирет.
 Эмне үчүн Кыргызстанда эң жакыр жана корголбогон жарандарды кредиттик кулчулукка батырган 134 микрофинансылык кредиттик уюмдар үчүн уставдык капитал боюнча болуп көрбөгөндөй жеңилдиктер берилген?

 Эмне үчүн 2020-жылдын 31-декабрында Улуттук банктын сайтында «Криптоваюталар рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнүн негизи» макала пайда болгон? (бул документ үчүн эң «ылайыктуу» күн – бул документке эч ким көңүл бурбаш үчүн жашыруун кылууну каалашса керек)
Маңызы боюнча – бул криминалдык финтех-компания, мында кардарлар идентификацияланбайт, криминалдык төлөмдөр блоктонбойт, криптовалюта менен өлтүрүүгө буйрутма беришет, баңгизаттарын сатышат, сойкулук ж.б. иштерди жасашат.

Болгону ошол (сөзүнөн келтирем): «Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келбейт». Ал эми дүйнөлүк финансы борборлорунун эң катуу талаптарына ылайык иштеген финтех-компаниялары карама-каршы келеби? Кыргызстандын аймагында иштей албайбы?

2021-жылдын 24-июнунда Министрлер Кабинети тарабынан финансы рыногун өнүктүрүү, анын ичинде финтех-компанияларынын иши үчүн жагымдуу мыйзам базасын түзүү жөнүндө Президенттин жарлыгын аткарууну контролдоо тууралуу буйругу чыгарылганына Сиздердин көңүлүңүздөрдү бурам.

Бүткүл дүйнө заманбап финансы технологияларынын жолунда тездик менен өнүгүүдө, ал тургай Африка финтехти киргизди, Бирок Кыргызстанда 9-февралдан бери Улуттук банктын башчысы тарабынан бир дагы ишитктүү сунуш берилген жок (!!!) Аракетсиздик. Бул мамлекет башчынын жарлыгын үзгүлтүккө учуратуу.

Дал ушул үчүн мен Президенттин, Өкмөттүн өкүлдөрүнүн, депутаттардын, эксперттердин, окумуштуулардын катышуусунда коомдук дискуссияны милдеттүү түрдө өткөрүүнү сунуштайм жана ошол жерден Абдыгулов мырза өзүнүн аракеттерин түшүндүрсүн жана үзгүлтүккө учуратуусунун себептерин атап берсин.