Алайдагы үй-бүлө атасына аш берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп беришти

87

17-июлда Алай районунун Мурдаш айылында маркум Марат Мамасалиевдин жакындары ыксыз ысырап кылып, анын жылдык ашын өткөрүүнүн ордуна Мурдаш айылына жаңы ФАП куруп беришти. Бул тууралуу Ленин айыл өкмөтүнөн билдирди.

Маалыматка караганда, курулушту баштан-аяк Мамасалиевдердин үй-бүлөсү каржылады. Имарат жылытуу системасы менен сапаттуу бүткөрүп беришти. Анын ачылыш аземине Алай райондук ооруканасынын башкы дарыгери Талант Белекбаев, аталган айыл өкмөттүн башчысы Бактыулан Субанов, жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чарада Мурдаш айылынын имамы Азизилла Нурматов мындай саамалык ысырапкорчулуктун алдын алып, эл үчүн пайдалуу болсо маркумга сообу жетип турарын жана ушундай иштер бүт өлкө боюнча өрнөк болорун баса белгиледи.

Мурдаш айылында буга чейин да ысырапкерчиликти жоюуну маркум Ысмайыл Абдыкадыровдун балдары колго алганы кабарланган.

Маалым болгондой, алар атасына сооп алуу үчүн Мурдаш айылынан Жыланды айылына баруучу 10 чакырымдан ашык жолду атайын техникаларды алып барып, тегиздетип, шагыл төктүргөн. Арал көрүстөнүнүн жанына Куран окуу үчүн атайын бастырма жасатып да беришкен. Мурдаш айылынын тургуну Нурлан Матанов айылдашы ысырапкерчиликти жоюуну алгачкылардан болуп баштап бергенин билдирген.

«Маркумдун ашын өткөрүүгө эле канчалаган чыгым кетет. Айылдашыбыздын балдары атасынын ашын өткөрүүнүн ордуна элге жол салып, чоң сооп алышты. Ушул саамалык мындан ары да жайылса, ысырапкерчиликтин алдын алмакпыз», – деген Матанов.
Turmush.kg