Издөөдө жүргөн экс-министр Ошто Акылбек Жапаровду жандап жүрөт

2333

Кечээ, 18-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Ош шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Акылбек Жапаровду курулуп жаткан бир катар объектилер, анын ичинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишке ашып жаткан долбоорлор менен тааныштырды.

Көп өтпөй, интернетте Акылбек Жапаров менен Таалайбек Сарыбашовду парламенттин мурунку депутаты, экс-транспорт министри Нурлан Сулайманов коштоп барган сүрөт пайда болду.
Нурлан Сулайманов 2010-жылы «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Сулаймановго кылмыш иши козголгон. Ал Транспорт министрлигин жетектеп турганда (2007-2008) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. Ал 2012-жылы Кыргызстандан Германияда дарылануу үчүн үч айга кеткен. Ошол бойдон 2019-жылы кайтып келген. Кийинчерээк ага карата кылмыш иши токтотулгандыгы белгилүү болду. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо ал «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде болгон

Ua.kg