Баткендин 10 бүтүрүүчүсү Томскидеги университеттен бекер билим алышат

58

Июнь айында элчи Гүлнара-Клара Самат Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырынан жабыркаган аймактарга барган. Анын алкагында жаштарга колдоо көрсөтүү үчүн Россиядагы окуу жай менен келишим түзүлдү.
Баткен облусунун 10 абитуриенти Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетине бюджеттик формада тапшыра алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында элчи Гүлнара-Клара Самат облус калкына колдоо көрсөтүү иш-чараларынын алкагында барган. Кийин элчилик тарабынан балдарга билим берүү маселеси иштелип чыккан.

“Баткендин 10 бүтүрүүчүсү Томскиден Кыргызстанда талап күч болгон инженердик-техникалык кесиптерге ээ боло алышат. Балдар бюджеттик формада окушат”, — деп айтылат маалыматта.
Элчилик Баткендин жаш тургундары келечекте окуусун ийгиликтүү аяктап, Кыргызстандын архитектура жана курулуш тармагына салым кошот деп ишенет.

Sputnik.kg