“Кемпир-Абад”: Ташиев жер алмашууга каршылар менен жолукту

48

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 19-апрелде “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы чыккандар менен жолукту.

Жолугушуу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында өттү.

Анда чогулгандар Ташиевден эки тараптуу протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербөөгө чакырышты. Ташиев андай кылуу мүмкүн эместигин, протокол Өзбекстан менен чектешкен башка аймактардагы талаш жерлердин маселесин чечүүгө да багытталганын билдирди.

Бирок жер алмашууга нааразы болгон кыргызстандыктардын талабынан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айтты.

“Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан – ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин”,- деди Ташиев.

Ташиев тургундардын “Өзбекстан мындай сунушка көнбөй койсочу” деген суроосуна, Ташкентти ынандырууга болгон аракет көрүлөт деген мазмунда жооп берди.

Атайын кызматтын башчысы бул жолугушууда негизинен Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду Кыргызстан үчүн эң пайдалуу келишим деп атап, жер талаштарга чекит коет деп ишендиргенге аракет кылган:

“Мен жетектеген комиссия Өзбекстан Республикасына барып, эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүп келдик. Бул протоколду бузбашыбыз керек, бул протоколду аягына чейин чыгарышыбыз керек, бул – элге эң пайдалуу протокол болду”, – деди Ташиев.