Олимпиада: Өзбекстан алгачкы алтын медалга ээ болду

92

Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарында өзбекстандык 19 жаштагы таэквондочу Улугбек Рашитов (-68 кг) өз өлкөсүнүн капчыгына алгачкы алтын медалды алып берди.

Чечүүчү беттеште спортчу учурдагы чемпион, британиялык Брэдли Синденди 34:29 эсебинде жеңип алды.

Рашитов Өзбекстандан жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону болгон биринчи таэквондочу болду.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылган. Оюндар 23-июлдан 8-августка чейин болот. Ага 200дөн ашык өлкөдөн 11 миңден ашык спортчу катышууда.

Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.