Айсулуудан алтын күтөбүз! Балбан кыз бүгүн Токиого сапар алды

159

Бүгүн, 28-июлда, Кыргызстандын үч спортчудан турган күрөш боюнча айымдар курама командасы Токиодогу Олимп оюндарына жол тартышты.

Белгилей кетсек, спорттук мелдешке Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы кетти.

Команданы кураманын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаев коштоп барат.

1-августта Айпери Медет кызы беттешке чыгат.

Эртеси – Жуманазарова, ал эми 3-августта Айсулуу Тыныбекова.