Орусиянын Канттагы Су-25 учактары машыгууларга катышуу үчүн Тажикстанга жөнөтүлдү

730

Орусиянын Кант аскер базасындагы Су-25 аскер учактары тажик-ооган чек арасындагы машыгууларга катышуу үчүн Тажикстандын «Гиссар» аэродромуна жөнөтүлдү.

5-10-август күндөрү Тажикстандын Харб-Майдон полигонунда Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын биргелешкен машыгуулары өтөт. Ага миңден ашык аскер, 200 техника катышат.

Белгилей кетсек, 30-июлдан 10-августка чейин Орусия менен Өзбекстан Сурхан-Дарыя облусунда өзбек-ооган чек арасында аскер машыгууларын өткөрөт. Термез полигонундагы машыгууларга дээрлик 1,5 миң аскер кызматкери, 200дөй аскер техникасы катышат. Бул машууларга да Орусиянын Канттагы аскер учактары катышары айтылган.

maralfm.kg