Болгон чындыкты айтайын дедим. Акаев эмне үчүн сурак берүүгө келгенин билдирди

214

Мурдагы президент Кумтөрдү кантип жана эмне максатта курганы жана кандай катачылыктар кеткени боюнча айтып бергенин билдирди.

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев УКМКдан сурак берип чыккандан кийин журналисттерге маек берип, кандай максатта келгенин айтты.

Ал тергөөнүн Кумтөр кенин ишке киргизүү боюнча суроолоруна жооп берип чыкканын белгиледи.

“Кумтөр мен иштеп жаткан учурда курулган, андыктан мен көрсөтмө берип тергөөгө жардам бергим келет. Ошол эле учурда УКМК төрагасына ыраазчылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Албетте, суроолор болду, бүгүн биринчи суракты берип чыктым. Мен болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим. Кумтөрдү кантип курганбыз, эмне максатта курганбыз, кандай катачылыктар кетти, жалпысынан баары боюнча айтып бердим. Тергөө дагы уланат, мен бүгүн гана учуп келдим, иш менен жаңы эле тааныштым. Дагы жолугушуулар болот. Мындан башка эч нерсе айта албайм азыр. Иш бүткөндөн кийин гана айта алам”, — деди Акаев.

Ошондой эле ал бүгүн президент Садыр Жапаров менен да жолугуп Кумтөр боюнча билген маалыматынын баарын айтып бергенин белгилеп, баарыбыз биргеликте республикага жардам беришибиз керек деген пикирин билдирди.

Sputnik.kg