Айсулуу Тыныбекова Токиодо алгачкы беттешин 8:0 менен ишенимдүү утту

322

62 килограмм салмак даражасында күрөшкөн Айсулуу эми чейрек финалда румыниялык балбан кыз менен таймашат.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешиндеги алгачкы беттешин ишенимдүү жеңди. Анда ал латвиялык Анастасия Григорьева менен кармашып, 8:0 эсебинде утту.

Беттешти КТРК Спорт каналы түз алып берди.

62 килограмм салмак даражасында күрөшкөн Айсулуу эми чейрек финалда румыниялык Кристина Тунде менен таймашат.

sputnik.kg