Айсулуу Тыныбекованы жеңген япониялык балбан дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү

247

Токиодогу Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекованы жеңип, алтын уткан япониялык балбан кыз Юкако Каваи дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү.

Юкако Каваи Олимпиаданын алтынын алгандан кийин Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде экинчи орунга чыккан.

Ал эми биринчи орунда мурункудай эле Айсулуу Тыныбекова турат. Ал Олимпиадада күмүш утту.

Үчүнчү орунду Олимпиада оюндарында коло байге алган украиналык Ирина Коляденко ээледи.