Оор сыноо, кыйын кезеңде даңкталган Курсан Асанов!

77

2010-жылдын дал ушул күндөрүндө башталган Июнь коогалаңын кантип унутабыз? Ошто кыргыз-өзбек чатагы чыгып, кыргын-сүргүн, адамдар өлүп, үйлөр түтүнгө чулганы, өрттөлгөн. Жүрөк титиреткен мүнөттөр эле…

Биз ошол каргашалуу окуяны эстегенде, иралды комендат Курсан Асанов көз алдыбызга тартылат. Күн-түн дебей жаңжалды басууга жан аябай киришип, жаалданган жаатташкан элге арачы түшүп, жоготуулардын алдын алууга профессионалдуу тажрыйбасы менен урушту көпкө узартпай, тынчтыкты сактоодо опол тоодой салым кошкон. Ал өз жанын тобокелге байлап, кан күйгөн жерде жол баштап, мамлекеттин туруктуулугун сактоодо салымы эбегейсиз болчу. Ошондо жумурай журтка даңазалнып, Курсан Асанов деген милициянын баатыры бүт Кыргызстанга “дүң” этти. Оор сыноо, кыйын кезеңдерде гана чыныгы күрөшчүл, элин сүйгөн азаматтар даңкталып мезгил сынына коюлат тура.

Андан кийин Курсан Асанов Жогорку Кеңешке депутат, ИИМге тогуз жыл орун басар болду. Аймактардагы, өзгөчө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы чек ара, улут аралык, кен байлыктарына байланыштуу эчендеген чатактарды басууга салым кошкон.

Кийин, 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш окуясы бир топ адамдарга сабак болду. Кимдин кандай деңгээлде өз ишин билерин аныктап койду. Мына ошол окуядан кийин ИИМдин орун басары Курсан Асановду иштен алып, сотко беришкен. Анын иштен алынышы көпчүлүкө табышмак болгону эсибизде. Тиешелүү деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүп, эч кандай укук коргоо органдары менен элдин ортосунда ызы-чуу чыгарбай, дипломаттык иш кылган генералды иштен алынышын эрегиш катары бааланды. Ал эми жөнөкөй жарандар элдик генералга ыраазы болушуп, алкыштарын айтышты. Курсан Асанов 7-август күнү окуяны туура баамдап, күч кызматкерлерин отко салбастан, ошол күнү эле баарын сүйлөшүү жолу менен бүтүрүүгө аракет кылган. Жаалданган эл жана Атамбаевдин тарапташтары жол берген эмес. Болбосо, Альфанын кызматкерлеринен тартылып алынган куралдардан ок чыгарылып, кан төгүү орун алганда эмне болот эле? Эч ким сүйлөшүү жүргүзбөй штурм болсо кандай болмок? Мына ошондой кыйчалыш жагдайда ар бир жасай турган кадамын туура таштап, мыйзам чегинде аткарып, өлкөдө туруктуулук болсун деп, кан төгүлбөсүн деген таризде батыл кадамга барган Курсан Асановго ыраазычылыктан башка эмне айтабыз. Ал эми Курсан Асановдун эмгегин кызганып, интриганы тутантып көрө албастык менен иш козгогон эргулдардын бүгүнкү тагдыры эмне болду? Кээ бирлери элден безип качып жүрүшсө айрымдары камалды, кээ бирлери же элге батпай, же жерге батпай бушайман абалда. Сөз ээсин табат.
Кой-Таш окуясына бүгүн туура эки жыл болду. Бул арада Курсан Асановдун ошол оор мезгилдеги кыймыл аракеттери туура болгону күн санап далилденип, коомчулуктун колдоосун алды.

Мына ушундай патриот, элдик генералга Кой-Таш окуясы боюнча кошаматчылар менен ичи тарлар ошол убактагы сабатсыз бийликтин шалаакылыгын жашырып, Асановго болбогон жалааларды жапты, бирок жалпы эл Элдик Генералга колдоо көрсөткөнүн тарых тастыктап турат. Мындан ары да Элдик Генерал эл үчүн ак кызматын кыла берет деген терең ишеничтебиз. Чындык акыры Курсан Асанов тарапта болоруна ишеним күч!

Булак:ЧЫНДЫК