Өлкөнүн белгилүү инсандары президент Садыр Жапаровдон Темир Сариевди үй камагына чыгаруу тууралуу кайрылуу жолдошту

1202

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Н Жапаровго

Кайрылуу

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Темир Сариевдин камакка алынышында калыстык болбой турат. Аны «2012-жылы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген учурда, экологиялык чыгымды кыскарткан» деп айыптап жатышат. Бирок, Темир Сариев жетектеген бул комиссияга ар бир фракциядан экиден депутат, өкмөт мүчөлөрү, президенттин аппаратынан жана көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн Нарын жана Ысык-Көл облустарынын губернаторлору кирип, регламент түзүлүп, аны бекитип, үч топко бөлүнгөн. Биринчиси – юридикалык маселелерди кароо боюнча, экинчиси– социалдык-экономикалык маселелерди кароо боюнча, үчүнчүсү – экологиялык-техникалык, коопсуздук маселелери боюнча. Баардыгы ушул үч топко кирип, алар өз багыттары боюнча дыкат текшерип чыгышканы маалым. Кийин комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, депутаттардын колдоосу менен бекитилген.

Темир Сариевдин кыргыз элинин алдында өзүнүн кошкон чоң салымы бар. Ал узак эмгек жолунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышын депутаты, КР Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри катары өлкөбүздүн өнүгүшүндө көрүнүктүү иштерди аткарып келди.

Анын туруктуу позициясы менен 19 стратегиялык объект Кыргызстанга кайтарылып берилген, анын ичинде: Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы аянты 19,05 га «Рохат-НБУ», Кара-Ой айылындагы аянты 21,77 га «Дилорам», Тоң районундагы аянты 10,65 га «Бустон», Бостери айылындагы аянты 28,35 га «Алтын кум» аттуу 4 пансионат;

Жалал-Абад облусунда – Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы, Аксы району ндагы Чоң Наманган каналы (12,9 км), «Чуст» каналы (14,5 км), Ноокен районундагы “Достук”, «Маданият» жана «50 лет ;октября» насостук станциялары, Нарын Солжээк каналы (43,1 км)

Баткен облусунда –Сох-Шаймерден каналы (12 км), Лаган каналы (11,2 км), Фергана №1 автотранспорттук колонна, «Фергананефть» ӨКМ объекти, Кадамжай районундагы Кайтпас – Кыргыз-Кыштак участкалары;

Темир Сариев премьер-министр болуп турганда өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгү 2014-жылга салыштырмалуу кыйла өскөн (+23млрд.сом), каатчылык шарттарында ИДПнын өсүшү +4%, чет элдик инвестициялардын агымы 2,2 эсе көбөйгөн, ошондой эле соцкызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылган.

Мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо обьекттери ж.б. курулган.

Темир Сариев «Кумтөр» маселесинде дайыма өлкөбүздүн гана кызыкчылыгын көздөп келгенине биз ишенебиз. Бул себептүү, «Кумтөр» боюнча иликтөөлөрдүн алкагында анын камакка алынганы биздин тынчыбызды алып келет. Биз, Темир Сариевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, зарыл тергөө иш-чараларын мыйзам чегинде өткөрүлүшү туура болот деп эсептейбиз. Темир Сариев качып кете турган же тергөөгө кедергисин тийгизе турган инсан эмес. Ал мыйзам чегинде бардык суроолорго жооп берүүгө жана адилет чечилишине кызыктар.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Темир Сариевди үй камагына чыгарылышына көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөбүз.

Урматтоо менен,

Миталип Мамытов, Кыргыз Республикасынын Баатыры; Медеткан Шеримкулов, легендарлуу парламаенттин төрагасы; Мар Байжиев, КР Эл жазуучусу; Кайыргүл Сартбаева, СССРдин Эл артисти; Самара Токтакунова, СССРдин Эл артисти; Дарика Жалгасынова, КР Эл артисти; Касиев,медицина илимдеринин доктору,профессор; Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер; Карыпбек Алымкулов, коомдук ишмер; Жумагул Сооданбеков, коомдук ишмер; Осмонакун Ибраимов, профессор; Бекболот Талгарбеков, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери; Каныбек Осмоналиев, олимпиада чемпиону; Сабырбек Жумабеков, академик; Ишенгүл Болджурова, профессор; Алтынай Карасаева,профессор; Жаңыл Түмөнбаева, коомдук ишмер; Мира Джангарачева, коомдук ишмер; Фатима Байгельдиева,эмгек сиңирген журналист; Ормон Шаршенов, коомдук ишмер; Айнагүл Жумагулова, академик; Базарбай Мамбетов, коомдук ишмер; Токтокан Боронбаева, коомдук ишмер; Кубан Мамбеталиев, коомдук ишмер; Абдыганы Эркебаев, КР ЖК экс-төрагасы; Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери; Ахматбек Келдибеков, КР ЖК экс-төрагасы; Исхак Масалиев, коомдук ишмер; Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер; Дүйшөн Чотонов, коомдук ишмер; Чолпон Жакупова, “Адилет” укуктук клиникасынын төрайымы; Эркин Булекбаев, коомдук ишмер; Камила Талиева, коомдук ишмер; Бакирдин Субанбеков, КР ЖК депутаты; Бейшенаалы Нурдинов, КР ЖК депутаты; Динара Исаева, КР ЖК депутаты; Мурадыл Мадеминов, КР ЖК депутаты; Сайдолим Джураев, КР ЖК депутаты; Тычтыкбек Конушбаев, КР ЖК депутаты; Бактыбек Райымкулов, КР ЖК депутаты; Тазабек Икрамов, КР ЖК депутаты; Мирлан Жээнчороев, КР ЖК депутаты; Жанар Акаев, КР ЖК депутаты; Орозбек Алыбаев, КР ЖК депутаты; Феликс Кулов, Генерал; Асанбек Алымкожоев, Генерал; Артур Медетбеков, Генерал; Курсан Асанов, Генерал; Марат Кенжесариев, Генерал; Түгөлбай Казаков, КР Эл артисти; Муратбек Бегалиев, КР Эл артисти, композитор; Клара Сооронкулова, “Реформа” партиясынын лидери; Дөөлөтбек Сапаралиев,профессор; Жамиля Алымбекова, КР эмгек сиңирген ишмери; Таалай Бапанов, коомдук ишмер; Гүлайым Керимкулова, КР эмгек сиңирген дарыгери; Гүлбара Токтогулова, коомдук ишмер; Сагын Исмаилова,коомдук ишмер; Салават Искаков, коомдук ишмер.