Сариев академиктин көзү менен. Коомдук жана саясий ишмер, меценаттын ишине туура баа берилсин!

28

Белгилүү коомдук жана саясий ишмер, меценат Темир Сариевдин убактылуу камакка алынышы коомчулукту тынчсызтандырып жатат, алардын арасында мени да. Коомдук, саясий ишмердин кандайдыр бир коррупциялык иштерге байланышы болгондугу мен үчүн чындыкка коошпогондой көрүнүп турат. Кандайча? Мисал менен далилдегенге аракет кылайын.

2018-жылы Темир Сариев Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология Институтунун, дирекциясына, илимий кызматкерлерине кайрылып, кыргыздардын изилденбеген же аз изилденген тарыхый маселелери боюнча Илимий конкурс жарыялоону сунуш кылып, эң жакшы жана терең изилденген эмгекке 100 миң сом бөлүп берүүгө сөз берди. Тарых, археология жана этнология институту тарабынан XVII-XVIII кк. Кыргызстандагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча илимий конкурс жарыяланды. Конкурс окумуштуулардын ортосунда илимий жарышууну пайда кылды. Жакшы илимий иштер конкурска келип түштү. Жылдын аягында илимий иштердин конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, оргиналдуу илимий эмгекке 100 миң сом акчалай сыйлыкты өзү тапшырды. Жеңүүчү т.и.к., улук илимий кызматкер Р.Жолдошев болду.

Бир жылдан кийин, 2019–жылы кыргыздардагы мамлекеттүүлүк боюнча Т.Сариев дагы бир конкурс жарыялады. Анын суммасы жеңүүчүгө 100 миң.сом каралды. Бул тарыхый маселе да тарых илиминде көп изилденбеген темалардын бири. Конкурска көп илимий эмгектер түштү жана тарыхый изилдөөлөр бул маселе боюнча жанданып калды. Жылдын аягында сыйлыкты т.и.к. улук кызматкер Т.Асанов 100 миң сомду утуп алды. Ал сыйлыкты өзү келип тапшырды. Т.Сариевдин бул меценаттыгы, тарых илимине жасаган мамилеси, дегеле илимге болгон камкордугу тарых илиминдеги илимий изилдөөлөрдү кандайдыр бир деңгээлде жандандырды, ошону менен бирге бул инсанга болгон ыраазычылык күчөдү. Ар бир инсан ушундай болсо деген үмүттү пайда кылды.

2020-жылы Т.Сариев үчүнчү конкурсту жарыялады. Бул саам Бишкек баатырдын көргөзгөн эрдигине арналган изилдөө окумуштуулардын алдына милдетке коюлду. Илимий эмгек үчүн дагы 100 миң сом каралды. Бул конкурстун негизинде 600 барактан турган макалалар жыйнагы даярдалды жана Бишкек баатыр жөнүндө абдан көп жаңы тарыхый материалдар чогулду. Ал кол жазма басмага даярдалып, чыгууга даяр турат. Бардык каражаттарды Т.Сариев өз мойнуна алды. Тилекке каршы, меценатка байланышкан акыркы мезгилдеги окуялар бул китептин чыгышын артка жылдырып койду.

Ушундай патриоттуулук сезими менен, Кыргызстандын тарыхын дүйнөгө даңазалоо үчүн меценаттык иштерди жасаган инсан кандайдыр бир мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштерди жасай тургандыгы акылга сыйбаган иш.

Темир Сариевге байланыштуу акыйкатсыз жалаа жабуу тез аранын ичинде мыйзамдуу жол менен оң жагына чечилээрине толук ишенем!

Сиздерди урматтап, академик Аблабек Асанканов