Эмилбек Каптагаев: Темир Сариевке коюлган күнөө, аны камакта кармап отуруу абсурд, кылмыш түзүмү жок!

629

— Эки топ эксперттердин экологияга келтирилген зыяндын көлөмүн эсептөөсү эки башка чыгып атса, анда логикага ылайык үчүнчү көз карандысыз топ карап, санап чыгуусу зарыл. Менин оюмча кептин бары колдонулган методикада. 2012-2013 жылдардагы Сариев башында турган мамлекеттик комиссиянын Кумтөр боюнча анализи жана сунуштары эң орчундуу болчу. Тилекке каршы ошол учурдагы бийлик башындагылардын саясатынан улам мазмундуу Отчет жөн эле кагаз болуп, сунуштар эске алынбай калган. Учурда тергөө иштерин Темир Аргенбаевичти үйүнө чыгарып коюп деле алып барууга болот. Миллиарддарды жеп ичкендер деле үйдө жүрүшпөйбү, аларга караганда Сариевде Кумтөр боюнча жеке кызыкчылык болгон эмес.