Аргенбаевичтин абакта жатышында саясий боёк бар

104

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Темир Сариевдин камакка алынышы туура эмес деген коомдук пикир жаралып турат. Камакка алынышынын кыскача мазмунун айта кетсек, аны: «2012-жылы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген учурда, экологиялык чыгымды кыскарткан», – деген кине менен камакка алып жатышат. Бирок, «Кумтɵр» боюнча мамлекеттик комиссияны Темир Сариев жетектеген учурда бул комиссияга ар бир фракциядан экиден депутат, өкмөт мүчөлөрү, президенттин аппаратынан жана көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн Нарын жана Ысык-Көл облустарынын губернаторлору кирип, регламент түзүлүп, аны бекитип, үч топко бөлүнгөн. Биринчиси – юридикалык маселелерди кароо боюнча, экинчиси– социалдык-экономикалык маселелерди кароо боюнча, үчүнчүсү – экологиялык-техникалык, коопсуздук маселелери боюнча. Баардыгы ушул үч топко кирип, алар өз багыттары боюнча дыккат текшерип чыгышканы маалым. Кийин комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, депутаттардын колдоосу менен бекитилген экен. Эми суроо туулат, «Эгер жогорудагыдай бир топ адамдын катышуусу менен, депуттардын макулдугу менен чечим үчүн эмнеге Темир Сариев жападан жалгыз жоопкерчиликке тартылышы керек?!», -деген. Бул жерде кɵп күмɵндүү суроолордун башы чыгып атканы чындык. Буга чейинки мамлекеттик кызматтагы эмгеги эске алынып Темир Сариевдин соттук иши ММК ɵкүлдɵрүнүн катышуусу менен ачык каралышы керек! Аргенбаевичтин абакта жатышында саясий боек бар сыяктуу. Күнɵɵсү далилдене элек Сариевди үй камагына чыгырып туруп деле тергɵɵгɵ алса жарашмак. Айтор, Сариевдин иши боюнча соболдор арбын, бирок, так жооп табылбай туру…

Булак:Де-Факто