Чындык жеңет! Сариев абактан кайрылуу жолдоду

1297

Урматтуу Кыргыз элим!!!
Кадырлуу мекендештер!!!

Мен 3-августан бери Кутманова Динаранын жалган берген көрсөтмөсү менен УКМК СИЗОсунда камакта отурам. Бул боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берем:
Мен жетектеген Мамлекеттик комиссия ЖК №2117V 27.06.2012 ж. Токтомунун талабы менен Өкмөттүн №465 03.07.2012 ж. Токтому менен түзүлгөн. Курамы 25 адамдан турган. Комиссия паритеттик негизде Жогорку Кеңештин ар бир фракциясынан 2 депутат, министрлер, мамлекеттик агентстволорунун, инспекциянын жетекчилери, эки губернатор, жергиликтүү жаштардан эки областын өкүлдөрү, жергиликтүү эксперттер, илимпоздор, коомдук ишмерлер кирген.

Мамкомиссиянын иши регламенттин негизинде, ачык айкын, баардык отурумдар ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда жана сөзсүз түрдө КТРдин түз көрсөтүүсү менен өттү.
Мындан башка комиссиянын ишине эки эл аралык лабаратория (Германия, Словения) экологиялык жана аудитордук фирмалар да тартылган. Кутманова Динара да жергиликтүү эксперт катары жумушчу тобуна тартылган.

Мамкомиссия үч топко бөлүнүп, баардык мүчөлөрү өз каалоолору менен иш топторго киришкен.
-Биринчи юридикалык топту – ошол учурдагы Юстиция министри Шыкмаматов А.;
-Экинчи социалдык-экономикалык топту – Финансы министрлигинин орун басары Байгончоков М.;
-Үчүнчү тех-экологиялык топту Артыкбаев О, ошол кездеги мам экотехинспекция жетекчиси башкарышкан.

Мына ушундай жооптуу адамдар башкарышып, текшерүү иштерин өздөрү уюштуруп, ачык, айкын, кылдат текшеришкен. Жыйынтык корутундуну өздөрүнүн отурумунда чыгарышкан. Алардын иштерине эч ким кийлигишкен эмес. Мамлекеттик комиссия Кумтөр долбоорун 1992-жылдан баштап 2011-жылга чейинки иштерин кылдат, толук текшерип чыккан.
Ар-бир маселени тыкыр карап: кайсы чечимди Кыргызстандын атынан ким кабыл алган, ага кайсы жетекчи кол койгон; мамлекеттин Конституциясы, мыйзамдары сакталганбы; мамлекетке кандай зыян келген, кандай кыянаттык болгон; экологиялык маселелер кантип корголбой калган; эмне үчүн салыктар түшпөй калган; ким салыктардан бошотулганга кол койгон; эмне үчүн мөңгүлөр касылган, бош топурак менен мөңгүлөр аралашкан; калдыктарды сактоочу жай эмнеге талапка жооп бербейт; биз кантип Кумтөр долбоорун башкаруудан айрылдык, кантип Кыргыз Өкмөтү Кумтөр боюнча иммунитеттен айрылды; эмне үчүн Центерра менен түзүлгөн мыйзам бузулуп, эл аралык келишим статусу берилди; Конституциялык сот эмне үчүн чечим чыгарып бекитип берди; Нарын дарыясына кандай тобокелчилик жаралган; эмне үчүн экологиялык төлөм 100 эсеге кыскарган жана башка толгон мыйзам бузуулар, сүрөттөрү, лабораториялык анализдер менен мамкомиссиянын 500 беттен турган отчетуна кирген. Бул Отчет Өкмөттүн 24.01.2013 ж. отурумунда каралып, толук жактырылып №34 Токтом менен бекитилген. Андан кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 20-21 февраль 2013 ж., эки күн ачык, айкын, чоң талкуу менен каралган. Баардык ММКлар чагылдырган, түз эфирде берилген. Отчет толук каралып, жактырылган, Жогорку Кеңеш өзүнүн №2805-V 21.02.2013 Токтому менен бекитип берген. Ошол отурумда Жогорку Кенештин депутаттары комиссиянын ишине жогорку баа берип, мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирген. Динара Кутманова ошол отурумга катышып, өзүнүн оюн айтканга, суроолорго жооп бергенге мүмкүнчүлүк алган. Кутманова Динара айтып жатканы: Сариев Темир экологиялык зыянды кыскартып койду дегени карандай калп. Анын эксперт катары 25 барактан турган корутундусу толук отчетко кирген. Отчеттун 324-349 бетке чейин. Ал айтып жаткан 5 млрд $ зыян отчеттун 327 бетинде бакыйып жазылып турат. Бирок ошол эле өзү берген сунуштарында бир да жеринде сотко бериш керек деген сунуш жок. Ушундай жазылып турса да, меникин киргизбей койду дегенди кандай түшүнсө болот? Ошол эле отчетто эксперт катары тартылган Илимдер академиясынын окумуштуусу И.А Торгоев отчеттун 289-бетине киргизген.
Мындан башка мамлекеттин жаратылышты коргоо агенттиги санап чыккан 15 567 832 885 сом, мамлекеттик экотехинспекциясы санап чыккан 7 050 257 629 сом отчетунун 477-бетинде жазылган.

Биздин мыйзам боюнча, мамлекеттик депутаттык комиссиясынын сотко берүүгө укугу жок. Андай укук мамлекеттин агенттигине, инспекцияларга берилген. Ошондуктан малекеттик комиссия отчеттун 43-бет 11 пунктунда, баардык Центеррага берилген доо-арыздарды колдойт деп корутундуга жазганбыз. Ошону баардык комиссиянын мүчөлөрү жактырып кол коюшкан. Кимдин өзгөчө пикири болсо, алар тиркемеге кирген. Отчетто бар. Кутманова Динара жөн жерден калп айтып коомчулукту алдап, адаштырып жатат. Акыркы убакыттагы Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштери мурунку жетекчилердин күнөөлөрү моюнга алганы, ошол мен жетектеген комиссиянын иликтөөсүнүн кортундусунун негизинде, баардыгын ачык айтып, фамилиялардын жазылганынын негизинде болуп жатат. Анткени ошол биз жазган отчет баардыгын сапаттуу текшерип, конкреттүү фактылар менен жазылып берилген.
Мен 2000-жылдан бери Жогорку Кенештин депутаты болуп Кумтөр боюнча өзүмдүн ачык, айкын, түз позициям болгонун коомчулук билет. Сүйлөгөн сөздөрүм Жогорку Кенештин стенограммасында жазылган. Видеосу соц тармактарда таралып жүрөт. Кумтөр долбоору Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн кылымдын чоң аферасы деп Жогорку Кенештин трибунасынан айткан сөзүм да бар.

Мына ушул маселелерди эч коркпой, тайманбай, жоопкерчиликти сезип, мамлекеттин кызыкчылыгын сактап, баардык фамилияларды жазып коомчулукка жеткирген адам, азыр жалган жалаанын негизинде мыйзамсыз камалып отурат.

Мен ар бир адамдын көзүнө тик карап, Кумтөр маселесин ачык кылып, эмнени текшерип чыксак, толук бердик деп тайманбай айта алам. Ушунун баарын ачыкка чыгарган адам камакта, ал эми чечим кабыл алып мамлекетке зыян келтирген адамдар боштондукта.

Мен элимдин, үй-бүлөмдүн алдында абийирим таза. Чындык жеңет. Мен буга ишенем. Мага ишеним менен колдоп турган мекендештериме, тааныштарыма, коомдук ишмер, эл сыймыгы болгон ага-эжелериме, жаштарга, партиялаштарыма чоң ыраазычылык билдирем!!!

Баардыгыңыздарга ден-соолук, ийгилик каалайм! Мамлекетибиздин 30 жылдык эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм! Мамлекетибиздин жаркын келечегине ишенем!

Урматым менен Темир Сариев
19.08.2021 ж. УКМК СИЗО