Матраимов күчтүү стратег. Мындай адамдар чанда кездешет

396

Nazarnews.kg сайтынын жетекчиси, журналист Гүлжан Шерипбаева Бажы кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Райымбек Матраимов тууралуу төмөнкүдөй билдирүү жазды.

Өзгөртпөй беребиз:

Сабыры сайдын ташындай, тепсе термелбеген, “кечпей сууну толкуткан, чаппай жоону коркуткан”, көзүндө сүрү жана мээрими катылган, калыстыкты карманган, ач эмес ток, көкүрөгү таза, эң башкысы 3 жыл иттер талаганда, “Ал учурда КР Президенти Алмазбек Атамбаев же Бажынын төрагасы, РФ жараны Кубанычбек Кулматов күнөөлүү”, деп сыйлаган кишилерин өзүнүн кызыкчылыгы үчүн сатпаган, бир ооз жамандап сөз ачпаган жападан жалгыз инсан бул – Райымбек Матраимов гана! Күчтүү стратег, күчтүү менеджер… Мындай адамдар чанда гана кездешет…. 30 жылдан бери сүйлөгөндөн башканы билбеген саясатчылардын көпчүлүгү бул кишинин алдына …да чечпейт. Кыскасы, эр жүрөк бир нерсе болсо “акырыыын” качпаган инсан… 🙏🏻