Чындык үчүн акырына чейин күрөшөм! Темир Сариевдин Эгемендик күнү менен куттуктоосу

344

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата кайрылуу

Касиеттүү Кыргыз элим!

Баардыгыңыздарды мамлекетибиздин эң ыйык майрамы – Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Эзелтен кыргыз эли эркиндикти эң бийик тутуп келген. Биз Азия чөлкөмүндөгү эң алгачкылардан болуп өз азаттыгын негиздеген байыркы, түптүү элдин урпагыбыз.
Акыркы 30 жыл ичинде биз ар-кандай оор сыноолордон, тар жолдорду кечип өттүк.

Сыналдык, бирок сынган жокбуз.
Чайпалдык, бирок төгүлгөн жокбуз.
Кыргызстандын эртеңки күнү үчүн баардыгыбыз жоопкербиз. Өлкөбүздөгү тынчтык жана биримдик ар бир үй-бүлөдөн, ар бир жамааттан башталат. Болочок муундарга гүлдөгөн Кыргызстанды өткөрүп берүү – биздин негизги максатыбыз жана ыйык милдетибиз.

Кадырлуу мекендештер!

Элиме биримдик, жериме тынчтык, жалпы журтума жакшылык калаайм.

Азыркы учурда менин айланамда болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабай, мени менен бирге болгон мекендештериме терең ыраазычылык билдирем. Мекенимдин, элимдин алдында абийирим таза! Өз чындыгым үчүн акырына чейин күрөшөм.

Урматым менен,
Темир Сариев!
СИЗО УКМК