Дээрлик жарымы аялдар. Иш издегендердин саны дагы 4 пайызга көбөйдү

273

Иштеген иши жоктордун басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (22,8 миң киши), Ош (20 миң) жана Баткен облустарында (10,7 миң) жашайт. Калган аймактарда жумушу жок адамдардын саны 7,4 миңден төмөн.

Кыргызстанда 1-августка карата иш издегендердин саны 104,6 миң кишиге жетти. Бул өткөн жылдын ушул учуруна караганда төрт пайызга жогорулады дегенди түшүндүрөрүн Улуттук статистика комитети билдирди.

“2021-жылдын август айында өлкө боюнча ишсиз катары расмий каттоого туруп, жумуш издегендердин саны 104 миңден ашты. Бул былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 5 пайызга көп”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми жөн гана жумушсуздардын саны 80,5 миң киши экени белгилүү болду, бул 2020-жылдын август айына караганда 1,5 пайызга көбүрөөк киши кирешесиз отурат дегенди түшүндүрөт.

Иштеген иши жоктордун басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (22,8 миң киши), Ош (20 миң) жана Баткен облустарында (10,7 миң) жашайт. Калган аймактарда жумушу жок адамдардын саны 7,4 миңден төмөн.

Маалыматка караганда, өлкөдө бул топко кирген жарандардын 46,1 пайызы аялдар.