Кумтөрдүн артынан күрмөк суу ичкиси келген кыргыздын душмандары

407

Өткөн жылкы октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстанда бир топ саясий кырдаал өзгөрүп, буга чейин элдин эсебинен байыган коррупционерлер камалып, 25 жылдан бери экологиябызды талкалап, алтындарды тонналап алып чыгып кетип жаткан чет элдик инвесторлордун ишине чекит коюлду.
Кумтөр Голд компани азыркы тапта Кыргызстан үчүн иштеп жатат. Акыркы төрт айдын аралыгында Кыргызстандын экологиясын таштандыга айлантып, тамтыракайын чыгарган Центерра биздин өлкөнү чет элдик ММК булактарына бир беткей жаманатты кылып жазып чыгарууда.
Жакында Кумтөр Голд компани Центерра менен соттошот. Албетте, биз сыяктуу жаңы гана түптөлүп келе жаткан жаш мамлекетке алар менен соттошуу татаалдыкты жаратышы мүмкүн Жалпы кыргыз элинин максаты – Кыргызстандан чыккан алтындар бизде гана калып, элибиздин жыргалчылыгына жумшалышы керек. Бирок, өздөн чыккан жат жаман дегендей ушул соттошууну Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы көп саясатчылар күтүп жатышат. Алардын максаты Кыргызстан Центерра менен болгон сотто утулуп калса экен, азыркы бийликке минус болсо экен деп күтүп жатышат. Бул жерде Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы, азыркы бийликке каршы турган саясатчылардан тышкары да Россиянын олигархтарынын кызыкчылыгы бар.
Центеррадан Кыргызстандын утулуп калышына Россиялык олигархтар кызыкдар. Себеби, Центерра Кумтөрдү иштеп жаткан кезде алар өндүрүлгөн алтындарды Россиянын банкы аркылуу сатыкка койчу экен. Азыр Кыргызстан андай системаны токтотуп биздин Улуттук банкка коюп, ошол аркылуу түз сатыкка чыгып, пайдасын өзүбүз көрүп, иштеп жаткан кезибиз. Эч кандай ортомчулук жок, Кыргызстандан чыккан алтындар өзүбуздүн банк аркылуу сатылып жатканы боордош деп эсептеген орустарга да анча жакпай туру. Ортомчулуктан пайда тапкан Россиялыктар кыргыз алтыны алар аркылуу сатыкка чыкпаганына ичи тарып, бизге тымызын ыдык көрсөтүп жаткан кези. Мисалы, күйүүчү майлардын,бензиндин баасын кымбаттатып, Бажы биримдигинин катаалырак мүмкүнчүлуктөрүн колдонуп, бут тосуп жаткан кези.
Албетте, Центерра өздөрү сотто Кыргызстандын утулуп калышына кызыктар. Алар Кыргызстанда баш аламан, тополоң, төңкөрүш болушуна өтө чоң күч умш