“Центерра Голд” “Кумтөр Голд Компанинин” банкротко кабылышы үчүн бардык күчүн жумшоодо

601

“Центерра Голд” фактыларды бурмалап, Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулуктун алдында жаманатты кылуу үчүн Кумтөр кенин тартып алууда кыргыз тарапты айыптап, өздөрүн жабыркаган тарап кылып көрсөтүүнү көздөп жатат. Бул пикирин “Кумтөр Голд Компани” айтты.
Канадалыктар фактыларды тескерисинен көрсөтүп жатышат – дейт.

2021 -жылдын 15 -майынан баштап “Центерра Голд” өздөрүнүн максатына жетүү үчүн аракеттерди ченебей көрүүдө. Алар кандай болбосун, Кумтөр кенинин ишин токтотууну жана Кыргызстанды мындай олуттуу өндүрүш комплексин башкарууга кудуретсиз болушуна кызыктар болуп, ага болгон күчүн жумшап атышат.

Алар тарабынан кийинки кызматкерлерге глобалдык электрондук маалымат системасына жана атайын компьютердик программаларга, Кумтөр кенинин карьеринин көзөмөлдөө үчүн жооптуу геотехникалык программаларга, ошондой эле мөңгүлөрдүн кыймылын көзөмөлдөөчү радар системасына кирүү алыстан бөгөттөлгөн.

“Кумтөр Голд Компанинин” электрондук маалымат каражаттарында сакталган бардык маалыматтар толугу менен өчүрүлгөн, ошону менен документ жүгүртүүнүн жакшы иштеген механизми, кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө жана салык милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышы үзгүлтүккө учурады.

Программаларга кирүүнү калыбына келтирүү үчүн “Центерра Голдко” кайталанган сурануу, кайрылуулар эске алынган жок.

“Центерра Голд” ойлоп тапканын ишке ашыруу үчүн “Кумтөр” кенине керектүү жабдууларды жана керектелүүчү материалдарды берүүнү токтотуу үчүн, “Кумтөр Голд Компаниин” коргоону максатында Нью -Йоркто (АКШ) сот ишин демилге кылышты.

Канадалыктар АКШнын соту тарабынан иштин юрисдикцияланбагандыгына анча кызыгышкан жок; АКШнын банкроттук жөнүндөгү атайын мыйзамынын негизинде ачылган мүмкүнчүлүктөр маанилүү деп эсептешет алар.

Күчүнө кирген автоматтык токтотуу жеткирүүчүлөрдү келишимдик милдеттенмелерин аткарууну улантууга жана “Кумтөр Голд Компаниинин” учурдагы ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуучу аракеттерге жол бербөөгө милдеттендирген болчу.

Бирок, “Центерра Голд” сотко кайрылуу аркылуу башка максаттарды көздөйт. Тез эле белгилүү болгондой, канадалыктар жеткирүүчүлөргө кат жөнөтө башташкан, анда эгерде “Кумтөр Голд Компаниге” материалдарды берүү улантылбасын, жеткирүүчүлөр автоматтык түрдө токтотулсун, бул түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык тыюу салынат- деп жеткирүүчүлөрдү жолдон адаштырган.

Ачыгын айтканда, Нью -Йорктогу болчу сот процесс Кумтөрдүн жаны жетекчилигине жана Кыргызстанга каршы багытталган каршылык экени көрүнүп турат.

Ал эми “Центерра Голддун” жетекчилиги өндүрүш токтоп калган учурда миңдеген кызматкерлер жумушсуз болуп, үй -бүлөсүн бага албай калышын ойлонушкан жок.

Ошондой эле, шахта токтоп калган учурда өндүрүштү кайра баштоо өтө кыйын болоору, кайра иштетүү үчүн олуттуу күч, акча жана убакыт талап кылынарына да баштарын оорутушкан жок.

Тескерисинче канадалыктар миңдеген кызматкерлер жумушсуз калышына, жумушчулар алдындагы социалдык милдеттенмелер аткарылбашына, товарларды жана кызматтарды сатып алууну токтотууга, бюджетке салыктык түшүүлөрдү азайтууга кызыктар.

25 -августта ата мекендик маалымат каражаттары “Центерра Голд” Нью -Йорктун сотуна Кыргызстандын өкмөтүнө күнүнө 1 миллион доллар айып салуу талабы менен арыз бергени тууралуу маалыматтар жарыяланды.

Бул атайлап жасалма түрдө дүрбөлөңгө жана толкундоого алып келүү, кыргыз тарапка басым жасоо үчүн тандалып алынган ыкма экени дароо эле байкалды.

Биз бул арыз сотко гана берилгенин, сот тарабынан карала электигин билебиз.

Бирок муну алар процесс болгондой, алар процессте айткандай факт кылып ММКга жайып атышат.

“Центерра Голдун” айтымында, АКШ сотунун банкроттук процессин улантуусуна тоскоолдук кылган жагдайлар негизсиз.