«Реформа» партиясы «Ата-Мекен» партиясы менен бирикти

752

«Ата-Мекен» менен «Реформа» партиялары биригишти. Алар 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого биригип барууну ниеттенишүүдө. Бул тууралуу журналист Жакшылык Бердибек уулу «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Бүгүн, 11-сентябрда эки партиянын лидерлери жана мүчөлөрү жолугуп сүйлөшкөн.

2-сентябрда парламенттик шайлоого биригип баруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүшүп, бир пикирге келгенден кийин биригүү тууралуу чечимин жарыя кыла тургандыктарын билдиришкен.