Кой-Таш окуясы: Алмаз Орозалиев күбө катары Курсан Асановго карата токулган жомокторду ачыктап койдубу?

1245

Кечээ, 1-май райондук сотунда Курсан Асановдун ишине байланыштуу сот отуруму болуп өттү. Сотто күбөлөрдүн бири ИИМдин мурдагы орун басар Алмаз Орозалиев суралып, жактоочулардын жана Курсан Асановдун берген курч, так суроолоруна толук кандуу жооп бере албай, мукактанып жатты. Кээ бир суроолорго эки башка жооп берип, талкууга жем таштады. Тагыраагы, Курсан Асанов 7-8-августтагы окуяларга байланыштуу суроо берип, ошол күнү ага (Орозалиевге) эмне милдеттер жүктөлгөнүн сурады. Бул суроого жооп берип жатып Орозалиев убагында өзү казган орго өзү түшүп, тайсалдап, Асановго карата жөө жомоктордун токулганын, “ИИМдин чалган чалмакейлерин” айтып балп этти.

Сот отурумунун жүрүшүндө Орозалиев берилген суроолорго жооп берип жатып, 7-август күнү кечке маал Балыкчыдан Кой-Ташка келгенин айтты. Ошол эле учурда ал келгенде милиция кызматкерлери топтолуп турганын көрүп, министрдин буйругу менен аларды башкарууга өткөнүн кошумчалады. Анын башкаруусу астында өздүк курам Атамбаевдин үйүн көздөй бет алганын, алдыда тосулган баррикадалардын биринчисинен эле жаалданган эл аларга таш ыргытып кайра артка сүрүп чыкканын айтты. Ошол учурда 70-80дей кызматкер жарадар болгонун, ошондой эле бир топ аскердик техникалар (камаз, автобуз ж.б) талкаланганын айтты. Демек, Алмаз Орозалиев шаалакылыкка жол берип, абалды туура баамдабай, жөнөкөй кызматкерлердин өмүрүнө залал келтирип, аскер техникаларын талкалатып мамлекеттик бюджетке чыгаша келтирген. Чүй облустук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Самат Курманкулов ошол учурда турган жеринде жаракат алган.

7-августта түндө Атамбаевдин тарапташтары Равшан Жээнбеков, Асель Кодуранова, Алга Кылычев ж.б сүйлөшүүгө келгенде Курсан Асанов алар менен переговорго барганын, колго түшкөн УКМКнын аскерлерин бошотууну талап кылганын көргөнүн, ошол учурда Асановдун жанында УКМК башчысы Орозалиевди да байкаганын айтты. Бирок Курсан Асанов сүйлөшүүнүн негизинде колго түшкөн аскерлерди чыгарууну талап кылып баштаганда, Орозалиев ошол учурдагы министр Жунушалиев менен байланышып, өздүк курамды алып кеткен. Ошентип Курсан Асановдун ошол күндөгү сүйлөшүүсү толук бүтпөй калган.

Ал эми 8-августта эрте менен министр Жунушалиев кабинетинде ИИМдин орун басарлары менен кеңешме өткөргөнүн айтты. Жактоочу ал кеңешмеде дагы башка кимдер болгонун сураганда орун басарлар эле болгон деп качкактап, акыры ошол учурдагы УКМК башчысы менен президенттик аппараттын орун басары Опумбаев жана Алмамбет Салиевди көргөнүн айтты. Демек, бул жерде Атамбаевди башка жол менен тынчытуу планы түзүлгөнбү деген суроо жаралат?

Ал эми Атамбаевди кармоо учуру боюнча берилген суроолорго жооп берип жатып, Кашкар Жунушалиев эки ирет сүйлөшүүгө барганын, биринчисинде 10 минут, кийин дагы он минут убакыт бергенин айтты. Эң кызыгы Кашкар Жунушалиев Атамбаевге башына “противогаз” кийип барып сүйлөшкөнүн билдирди. Ал эми ал чыкпаган учурда “штурмга” алууну Орозалиев өзүнө жүктөлгөнүн кошумчалады. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, “штурмга” алууга чейин үйдүн тосулган тосмолорун ачуу үчүн атайын техникалар менен келген МЧСтин кызматкерлери кооптуу абалды көрүп, үйгө жакын баруудан баш тартканын айтты. Тагыраагы, Кашкар Жунушалиевдин эки жолку сүйлөшүүсүнөн майнап чыкпай, “штурмга” алуу үзгүлтүккө учурагандан кийин Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүгө барып, аны алып чыккан. Баса, Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүп жатканда Кашкар Жунушалиев экөө жакын барып, Асановго кошумча бир кызматкерди кошуп бергенин айтты. Асанов жалгыз кирсе аны да “заложник” кылып албасын деген таризде. Жактоочу Асанов Атамбаевди алып чыкканы үчүн күнөөлүүбү деген суроого Орозалиев мен күнөөлөй албайм, бирок ал “субардинацияны” кармабай койду деп божурады. Ал ортодо жактоочу эгер ал министрди укпай барып алган болсо, эмнеге министр жанына барганда Асановду түш бери, мен сүйлөшөм деп чакыртып алган жок деген суроого жооп бере албай мукактанып калды. Ошондо Кашкар Жунушалиев Курсан Асановдун ИИМдин аброюн көтөргөн эрдигин кызганып, жалган жалаалар менен иш козгогонбу?

Кыскасы, күбө Алмаз Орозалиевге Курсан Асанов тикелей суроолорду берип жарга такады. Кайран күбө тайсалдап, түз суроолорго жооп берип жатып, түшүнгөн жанга Асановдун аракети туура болгонун, ошондой эле ИИМдин иритмелерин айтып алды. Мындайча айтканда, “оң жакка барсаң өзүң өлөсүң, сол жакка барсаң атың өлөт” дегендей эле болду.

ЧЫНДЫК