“Коопсуз шаар”: үч буттуу камералар “2GIS” жана “Yandex картага” киргизилет

444

Cанариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев “2GIS” жана “Yandex карта” мобилдик тиркемелерине “Коопсуз шаар” долбоорунун үч буттуу көчмө аппараттары кайсы жерде турганын эскертип турган функция киргизилерин билдирди. Бул тууралуу 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдиргенин “Азаттык“жазып чыкты.

“2GIS” жана “Yandex картаны” колдонсоңуз жолдун кайсы жеринде “Коопсуз шаар” долбоорунун камерасы бар экенин айтып турат. Бирок мобилдүү көчмө аппараттар тууралуу маалымат жок. Эми алар аны да киргизебиз деп жатышат”.

Парламент депутаттары “Коопсуз шаардын” камералары кайсы жерлерге орнотулганы боюнча маалымат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын сайтына да жайгаштырылышы керектигин айтышты.